Жаңылыктар

07.11.2024

ЕЭКте Беларусь Республикасынын "бирдиктүү терезе" улуттук механизмин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоору сунушталды

Евразия экономикалык комиссиясы, Улуттук маркетинг жана баалардын конъюнктурасы борбору, ошондой эле Беларусь Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Беларусь Республикасында "бирдиктүү терезе" улуттук механизмин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорлорду демонстрациялашты.

Иш-чарага ЕЭКтин, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн "бирдиктүү терезе" улуттук механизмдерин өнүктүрүү долбоорун ишке ашырууга катышкан бажы кызматтарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана бизнесинин өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын катышуучуларына Беларусь Республикасында "ТЭИ бир терезеси" электрондук платформасын түзүү боюнча долбоордун уюштуруу-укуктук аспектилери, "Е-Паслуга" порталынын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү жана администрациялануучу бажы бизнес-процесстери тааныштырылды.

""Бирдиктүү терезе" механизми – ЕАЭБде ТЭИни өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган келечектүү долбоор. Ал прогрессивдүү уюштуруучулук-укуктук, техникалык жана технологиялык чечимдерди колдонуу менен "бирдиктүү терезе" механизминин заманбап моделдерин түзүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасын интеграциялайт", – деди ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов.


Мүчө мамлекеттерде ишке ашырылып жаткан долбоор ЕАЭБдин санариптик күн тартибинин талаптарына жооп берери, ал эми жөнгө салуучу функцияларды ишке ашыруу бөлүгүндө "акылдуу" бажы институтун өнүктүрүү менен байланыштуу экендиги белгиленген.

ЕЭК Кеңешинин 2021-жылдын 5-апрелиндеги № 4 "2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө" тескемеси менен Стратегия-2025ти жүзөгө ашыруу боюнча чаралар, механизмдер жана иш-чаралар аныкталган. Анын ичинде – алардын мындан ары шайкештигин жана маалыматтарды алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн "бирдиктүү терезе" улуттук механизмдерин киргизүү боюнча пилоттук долбоорлорду демонстрациялоого байланыштуу иш-чаралар бар.