Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында Армения Республикасынын Мамлекеттик кирешелер комитети 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруунун алкагында "бирдиктүү терезе" улуттук механизминин долбоорун сунуштады.
Иш-чарага "бирдиктүү терезе" улуттук механизмдерин өнүктүрүү долбооруна тартылган ЕЭКтин, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана бизнесинин өкүлдөрү катышышты.
Армениялык ведомство "Армения Республикасынын тышкы соодасы үчүн улуттук бирдиктүү терезе" санариптик платформасынын ишин көрсөттү. Атап айтканда, чарбакер субъекттердин, ошондой эле бажы органдарынын тышкы экономикалык ишмердикти жүзөгө ашыруу үчүн уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча башка мамлекеттик органдар менен тутумчасынын интеграциясы көрсөтүлдү.
Бирлик өлкөлөрүндө "бирдиктүү терезенин" улуттук механизмдерин куруунун ыкмалары менен таанышуу үчүн Комиссия тарабынан ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен биргеликте бул ишти жүргүзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
ЕЭК Кеңешинин 2021-жылдын 5-апрелиндеги № 4 "2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө" тескемеси менен Стратегия-2025ти жүзөгө ашыруу боюнча чаралар, механизмдер жана иш-чаралар аныкталган.
Иш чаралар планынын 9.4-пунктунун бөлүгүндө андан ары алардын шайкештигин жана маалыматтарды алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында "бирдиктүү терезе" улуттук механизмдерин киргизүү боюнча пилоттук долбоорлорду демонстрациялоого багытталган иш-чараларды уюштуруу аныкталган