Жаңылыктар

14.03.2023 (Обновлено: 16.03.2023 09:19)

ЕЭКте өнөр жай товарларынын Евразиялык реестринин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришти

ЕАЭБ мамлекеттеринин өнөр жай товарларынын Евразиялык реестринин иштешинин актуалдуу маселелерин "Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттик сатып алуулар рыногуна чыгуу" семинар-дискуссиясынын катышуучулары талкуулашты. Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги жана Соода-өнөр жай палатасы (СӨП) менен биргеликте ЕЭК тарабынан ишкерлер үчүн уюштурулган семинар онлайн-форматта, You-Tube каналында ачык трансляция менен өттү.

2021-жылдын апрелинде ЕЭК Кеңеши тарабынан бекитилген мамлекеттик сатып алуулар максаттары үчүн товарлардын айрым түрлөрүнүн келип чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелерине ылайык, Комиссиянын маалыматтык ресурсу — өнөр жай товарларынын Евразиялык реестри ишке киргизилген, анда белгиленген эрежелер критерийлерине ылайык товарлар жана аларды өндүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтар камтылат. Товарлардын реестрде жайгаштырылышы товар ЕАЭБде өндүрүлгөнүн жана Бирликтин бардык мамлекеттеринин сатып алууларына тоскоолдуксуз катыша аларын тастыктайт.

Бүгүнкү күндө Евразиялык реестрге Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Россиянын 90 өндүрүүчүсүнүн 8978 өнөр жай товарлары жөнүндө маалыматтар киргизилген.

ЕЭКтин Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин директорунун орун басары Павел Жуковский катышуучуларга реестрди түзүүнүн, ага товарлар жана аларды өндүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтарды киргизүүнүн тартиби жөнүндө айтып берди, бул үчүн зарыл болгон документтерди кантип туура жол-жоболоштуруу керектигин жана аларды алуу үчүн кандай талаптар бар экендигин түшүндүрдү.

Иш-чаранын трансляциясы төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: https://www.youtube.com/watch?v=WbLwc3rLrTs