Транспорт саясатынын негизги багыттарын жүзөгө ашыруу маселелери 15-майда Евразия экономикалык комиссиясынын Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитетинин отурумунда каралды.
Отурумда жетекчилик кылган Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Елена Валента анын катышуучуларына Евразия экономикалык бирлигинде жүргүзүлүп жаткан интеграциялык иштер жөнүндө маалымдады. Иштер 2021-2023 – жылдарга карата жол картасына ылайык пландуу тартипте жүрүп жатат, ошондой эле Елена Валента документтердин айрым долбоорлорун даярдоонун өзгөчөлүктөрүн жана көйгөйлөрүн белгиледи, андан тышкары кийинки үч жылдык мезгилге - 2024-2026-жылдарга жол картасын даярдоо боюнча иштин башталышы жөнүндө билдирди.
Елена Валента белгилеп өткөндөй, жаңы жол картасынын мазмундуу бөлүгү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат – бул документ транспорттук саясаттын баскычтарына ылайык, интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө багытталышы керек.
Отурумда жарандык авиацияны өнүктүрүү маселелери өзөктүү маселе болду. Анын ичинде мыйзамдарды шайкеш келтирүү багыттары, адилеттүү жана ак ниет атаандаштыкты камсыз кылууга карата мамилелер жана аба каттамдарын кеңейтүү маселелери каралды.
Комитет учууга жарактуулугу жана учуулардын коопсуздугун камсыздоо жаатында макулдашууларды түзүүнүн максатка ылайыктуулугун, ошондой эле ЕАЭБде аба транспортунун жалпы рыногун түзүү жана иштетүү боюнча эл аралык келишимди иштеп чыгуунун жана түзүүнүн максатка ылайыктуулугун баалоо предметине карата аналитикалык иштин жыйынтыгы боюнча даярдалган баяндамаларды жактырды.
Комитеттин отурумунун катышуучулары евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн комплекстүү планынын долбоорунун үстүндө иштин жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурушту. Инфраструктуралык өнүктүрүү жөнүндө документ тараптардын жана Комиссиянын биргелешкен ишинин артыкчылыктарынын бири болуп саналат жана транспорттук коридорлордун жана каттамдардын, товардык агымдардын логистикасынын багыттары өзгөргөн шарттарда координацияланган өз ара аракеттенүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин аныктоого арналган.
Ошондой эле отурумдун катышуучулары ички кеме жүргүзүү, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Иш-чаранын аягында Елена Валента Бирликтин транспорттук комплекстерин интеграциялоонун актуалдуу маселелерин ыкчам чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Талкууланган бир катар маселелер ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилеринин кеңешинин отурумунун күн тартибине киргизилет.