15-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба департаментинин директорунун орун басары Григор Оганяндын төрагалыгы астында экспресс-жүктөргө жана Евразия экономикалык бирлигинде эл аралык почта жөнөтүүлөрүнө карата бажылык операцияларды аткаруу тартибин өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.
Кеңешменин катышуучулары товар алуучу – жеке жак жөнүндө маалыматтарды, соода аянтчасынын аталышы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен байланышкан маселелерди карашты. Ошондой эле бизнести жаңы эрежелерге адаптациялоо үчүн мындай маалыматтарга карата өткөөл жоболорду белгилөө зарылдыгы талкууланды.
"Комиссиянын электрондук соода товарларына декларацияны толтуруу тартибине жана формасына тиешелүү чечиминин долбоорун талкуулоо улантылды. Чечимдин долбоору даярдыктын жогорку даражасында турат. Айрым маселелерди өзүнчө талкуулоо гана калды", – деп белгиледи Григор Оганян.
2023-жылдын 25-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде Бирликтин Бажы кодексине тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу жагында Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго кол коюлган.
Экспресс-жүктөргө жана эл аралык почта жөнөтүүлөрүнө карата бажы операцияларын жүргүзүү тартибин өркүндөтүү боюнча жумушчу топ Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин алдында түзүлгөн жана 2018-жылдан бери иштеп келе жатат.