2-майда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде окумуштуулук даражалар жөнүндө документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди, ага 2023-жылдын 8-июнунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда кол коюлган.
Эми евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн жарандарынын окумуштуулук даражасы жөнүндө улуттук документтер Бирликтин башка мамлекетинде эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн автоматтык түрдө (таануунун улуттук жол-жоболорун жүргүзбөстөн) таанылат, буга мындай документтердин ээлери иш берүүчү мамлекетте окумуштуулук даражасы үчүн белгиленген үстөктөргө же жеңилдиктерге талапкер болгон учурлар кирбейт.
"Макулдашуу жогорку квалификациялуу адистердин мобилдүүлүгүн жогорулатууга багытталган жана эмгек ресурстарынын эркин жылышынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов.