Жаңылыктар

24.08.2022 (Обновлено: 01.09.2022 11:20)

ЕАЭБ Бажы кодексине тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу боюнча түзөтүүлөр киргизилет

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕАЭБ Бажы кодексине өзгөртүүлөрдүн долбоорун жактырып жана мамлекеттик ички кайра макулдашуу үчүн Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттерине жөнөткөн. Документ чет өлкөлүк интернет-аянтчаларда жеке адамдар сатып алган товарларды жылдыруу маселелерин жөнгө салат.

Алсак, түзөтүүлөрдө мындай товарларды жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрүн аныктоо менен өзүнчө категорияга бөлүү, электрондук соода операторунун институтун киргизүү, бажылык декларациялоодо декларациянын жаңы түрүн пайдалануу жана бажы ("бонд") кампаларын пайдалануу менен жеке жактарга товарларды сатуу мүмкүнчүлүгү каралат. Мындан тышкары, документ бажы төлөмдөрүн колдонуу өзгөчөлүктөрүн камтыйт.

Октябрь айынын ортосуна чейин макулдашуунун натыйжалары алынышы күтүлөт, андан кийин эксперттер долбоорду кийинки баскычка – ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорго даярдай башташат.