Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун калыптандырууда жана жалпысынан бирликтик рынокту коргоодо евразиялык укуктун маанилүү ролун Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий 17-сентябрда Сочиде өткөн "Россиянын сүт бизнесинин кызыкчылыктары жана мааниси" II Бүткүл россиялык региондордун сүт форумунда баса белгиледи.
"Коопсуз тамак-аш продукциясынын рыногунда эркин жүгүртүү үчүн ЕАЭБдин техникалык жөнгө салуу жана ветеринардык-санитардык чаралары: укуктар жана өнүгүү перспективалары" баяндамасында министр Евразия экономикалык бирлигинин сүт азыктарына карата колдонулуучу техникалык жана ветеринардык-санитардык мыйзамдарындагы негизги жаңылыктар, аталган чөйрөлөрдөгү учурдагы иштеп чыгуулар жөнүндө айтып берди.
Ошону менен бирге Валентин Татарицкий форумдун катышуучуларынын көңүлүн ЕАЭБде ишке ашырылып жаткан "Санариптик техникалык жөнгө салуу" долбоорунун келечектүү мүмкүнчүлүктөрүнө буруу менен, тамак-аш продукциясынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу үчүн санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
"Ветеринариядагы жалпы процесстер аркылуу өз ара иштешүү сапатсыз жана фальсификацияланган сүт продукциясы менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берет, — деп ишенет ЕЭК министри. — Келечекте бул процесстер жана санариптик техникалык жөнгө салуу азык-түлүк товарларынын коопсуздугун жогорулатууга көмөктөшүп, тыгыз байланышта болору анык".
Валентин Татарицкий Бирлик мамлекеттеринде бирликтик эрежелердин жана тартиптердин толук кандуу иштешин камсыздоо боюнча ишти күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду.