Жаңылыктар

29.11.2023 (Обновлено: 01.12.2023 09:41)

Виктор Назаренко: "Комиссия бизнести жана өнөр жайды Бирликтин техникалык жөнгө салуу жана стандарттарынын заманбап базасын түзүү чөйрөсүндөгү укугун өркүндөтүүгө жигердүү катышууга чакырат"

Өнөр жайды өнүктүрүү жана рынокту коргоо үчүн Евразия экономикалык бирлигинин техникалык жөнгө салуусунун бирдиктүү тутумунун маанилүү ролун Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко "Россия - Беларусь постсоветтик мейкиндиктеги өнөр жай процесстеринин интеграциясынын өзөгү катары" бизнес-диалогунун пленардык отурумунда баса белгиледи. Отурум 29-ноябрда Санкт-Петербургда "Россиялык өнөр жайчы – 2023" форум-көргөзмөсүнүн алкагында өттү.


Виктор Назаренко өз сөзүндө КМШнын мамлекеттер аралык стандарттарын (МАМСТ) – Бирликтин техникалык регламенттерине байланыштуу ченемдерди же талаптарды колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Ал МАМСТ фондунун эскириши, мамлекеттер аралык стандарттардын талаптарын заманбап илимий-техникалык деңгээлде кармап туруу, продукциянын айрым түрлөрү, өзгөчө машина куруу боюнча стандарттарды эл аралык талаптарга шайкеш келтирүүнүн деңгээлин жогорулатуу зарылдыгы жөнүндө айтып берди.

"Стандарттардын заманбап базасын түзүүдө бизнестин ролу аныктоочу болуп саналат. Ар бир инновациялык жана кооперациялык долбоор стандартташтыруу жана өлчөө жана сыноо мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү программасы менен коштолууга тийиш", – деп белгиледи ЕЭК министри.

Ошондой эле Бирликтин бирдиктүү рыногун кооптуу продукциядан коргоо жана бул рынокко ата мекендик жана чет өлкөлүк продукциялардын жетүүсүнүн бирдей шарттарын түзүү маселелери талкууланды.

Комиссия Бирлик өлкөлөрүнүн бизнесин жана өнөр жайын техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө ЕАЭБдин укугун өркүндөтүү жана Бирликтин бирдиктүү техникалык регламенттерин ишке ашыруу үчүн стандарттардын заманбап базасын түзүү боюнча ишке жигердүү катышууга чакырат. Виктор Назаренконун сөзү боюнча, бул евразиялык "бешилтиктин" өтө зарыл керектөөлөрүн аныктоого жана улуттук экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында өнөр жай кооперациясын жана өз ара сооданы өнүктүрүү үчүн аларды ишке ашыруу боюнча натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.