Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко 15-ноябрда Москвада өткөн "Интеграция" Евразия ишкер форумунун пленардык отурумунда билдирди.
ЕЭК министри Евразия экономикалык бирлигинин техникалык жөнгө салуусунун бирдиктүү тутумун түзүү мүчө мамлекеттердин деңгээлинде жөнгө салууга кайтып келүү мүмкүн болбогон акыркы баскычка киргенин белгиледи. Бирок андан аркы кыймылга интеграциялык мүмкүнчүлүктөргө зыян келтирген, мамлекеттердин деңгээлинде таасир этүү куралдары сакталган тенденция тоскоол болууда.
Министрдин пикири боюнча, дал ушул себептен, жаңы чөйрөлөр боюнча интеграциялоо кыйын болуп жатат. Техрегламенттерди иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү планын аткаруу буга көрсөтмөлүү мисал болуп саналат. Бүгүнкү күндө бул тиешелүүлүгү боюнча 27% жана 23%.
"Техникалык жөнгө салуу - бул жөн гана бир аз убакыт ойной турган "оюнчук" эмес, бул атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуучу инструмент. Бирлик жөнүндө келишимге кол коюлгандан кийин, техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүргүзүү жөнүндө жалпы макулдашууда 10 жылдан ашуун убакыттан бери биз техникалык жөнгө салуунун алты багыты боюнча гана улуттуктан жогорку механизмдерди түзүүгө чыга алдык. Ошол эле учурда аларды жүзөгө ашыруу Бирликтин мүчө мамлекеттери тарабынан улуттук өзгөчөлүктөрдүн призмасы аркылуу жүзөгө ашырылат", – деп эсептейт Виктор Назаренко.
Анын сөзү боюнча, техникалык жөнгө салуу инструменттерин кеңири колдонуу менен "биз стандартташтырууга өзгөчө маани беребиз", ал Бирликтин техникалык регламенттеринин милдеттүү талаптарын ишке ашыруунун натыйжалуу механизми катары чыгат. Албетте, бул чөйрөдө да начар жерлер бар, ЕЭК мүчө мамлекеттер менен биргеликте алардын үстүндө улуттук жана мамлекеттер аралык стандарттарды эл аралык талаптар менен шайкеш келтирүүнү жогорулатуу максатында иштеп жатат. "Азыркы учурда биз заманбап жана талап кылынган, өзгөчө мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу процессин активдештирүү үчүн кандай конкреттүү кадамдар керектигин көрүп жатабыз жана, жана албетте, бул тиешелүү каржылык ресурстарды талап кылат", – деп белгиледи ЕЭК министри.
Виктор Назаренконун пикири боюнча, техникалык регламенттердин жана аларга карата стандарттардын тизмесинин илимий-техникалык деңгээлин баалоо жаңы стандарттарды иштеп чыгууну өбөлгөлөйт, анткени ИТД баалоо тартиби продукцияга талаптарды илим менен технологияны өнүктүрүүнүн заманбап деңгээлине шайкеш келтирүүгө багытталган.
ЕЭК министри өз сөзүндө Бирликтин бирдиктүү рыногун кооптуу продукциядан коргоо жана бул рынокко ата мекендик жана чет өлкөлүк продукциялардын жетүүсүнүн бирдей шарттарын түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Виктор Назаренко белгилеп өткөндөй, мониторингдин натыйжалары бир катар мүчө мамлекеттерде шайкештикти баалоо чөйрөсүндө олуттуу жылыштар жөнүндө күбөлөндүрөт, мында сыноо мүмкүнчүлүктөрү жана башка зарыл ресурстар жок болгон учурда, шайкештикти баалоо жөнүндө документтердин негизсиз көлөмү кыска мөөнөттө берилет.
Жалпы рынокту кооптуу продукциядан коргоонун натыйжалуулугу, белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) натыйжалуулугуна да түздөн-түз көз каранды. ЕАЭБ өлкөлөрүндө бул ишмердиктин деңгээли өтө ар түрдүү: кээ бир өлкөлөрдө системалык контролдон баштап башка өлкөлөрдө контролдук иш-чараларды жүргүзүүгө мораторийлерге чейин. "Бүгүнкү күндө бизде техникалык регламенттердин талаптарын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча ыйгарым укуктуу 30 орган бар, ошол эле учурда натыйжалар аз. Бул, талашсыз түрдө, биздин жалпы рынокту коргоо деңгээлине таасир этет. Нысапсыз субъекттер мындай кырдаалдан өтө чебердик менен пайдаланышат", – деп баса белгиледи министр. Бир катар мүчө мамлекеттердин мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) чөйрөсүндөгү көптөгөн ыйгарым укуктуу органдары ашыкча көзөмөл чараларын алып салууга өтүү менен, мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) мораторийине же башка чектөөлөрүнө тиешелүү актыларды даярдоо менен мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) тутумун өркүндөтүү боюнча өз милдеттерин өтө жөнөкөйлөтүшкөн. Виктор Назаренконун пикири боюнча, бул стратегиялык ката болуп саналат.
Министрдин ишеними боюнча, техникалык жөнгө салуу чөйрөсүнө туура эмес киргизилген жана өзгөчө көңүл бурулушу керек болгон дагы бир маанилүү тармак болуп - бул өлчөмдөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу саналат. Анткени, ал техникалык жөнгө салуу чөйрөсүн гана эмес, экономиканын бардык тармактарын, анын ичинде соода, өнөр жай, социалдык чөйрөнү жана мамлекеттик жана эл аралык ишмердүүлүктүн башка маанилүү тармактарын камтыйт. Ошондуктан, ЕЭК министри ишенгендей, өлчөмдөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылууну техникалык жөнгө салуу чөйрөсүнөн алып чыгып, өзүнчө чөйрө катары кароо керек.
Учурдагы шарттарда техникалык жөнгө салуу тутумунун элементтерин өнүктүрүүнү интенсификациялоо үчүн экономиканы санариптештирүү жана конкреттүү алып караганда – "ЕАЭБдин санариптик техникалык жөнгө салуу" долбоорун жүзөгө ашыруу натыйжалуу түрткү болушу мүмкүн. "Заманбап санариптик платформаны түзүү техникалык жөнгө салуунун бардык процесстерин санариптик кайра түзүүнү гана камсыз кылбастан, продукцияны долбоорлоодо, өндүрүүдө жана рынокко чыгарууда санариптик өз ара аракеттенүү үчүн шарттарды түзөт", – деп билдирди ЕЭК министри.
Виктор Назаренко дал ушул платформа, анын ичинде аккредитациялоо, шайкештикти баалоо, мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөлөрүндө тартипти орнотууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, бул Бирлик өлкөлөрүнүн бизнесине продукцияга карата алдыңкы талаптарды өз убагында киргизүү жана шайкештик жөнүндө сертификаттарды жана декларацияларды алуу боюнча зарыл жол-жоболорду жүргүзүү боюнча кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө мүмкүндүк берет.
Комиссиянын жана ыйгарым укуктуу органдардын биргелешкен иши Бирликтин учурдагы милдеттерин ишке ашырууга, ошондой эле интеграциялык процесстерди, анын ичинде техникалык жөнгө салуу чөйрөсүн андан ары өнүктүрүүгө багытталган. "Ошол эле учурда Бирликтин стратегиялык документтеринде ЕЭК тарабынан белгиленген бардык милдеттер чагылдырылган эмес, алардын катарында Бирлик өлкөлөрү аларга чоң кыйынчылык менен макул болгон милдеттер да чагылдырылган", – деп Виктор Назаренко Форумдун катышуучуларынын көңүлүн бурду, жана ар түрдүү өлкөлүк механизмдерди жана инструменттерди сактоого караганда техникалык жөнгө салууну өнүктүрүүнүн интеграциялык курам бөлүгүнө өзгөчө артыкчылык берүүгө чакырды.