Жаңылыктар

10.03.2025

Владимир Серпиков ЭСКАТО сессиясынын катышуучуларына ЕАЭБдин климаттык күн тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди

Евразия экономикалык комиссиясынын Соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиков ЭСКАТО алкагында Түндүк жана Борбордук Азияда туруктуу өнүгүү үчүн сооданын трансформациялык потенциалын пайдалануу жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча эксперттер тобунун кеңешмесине катышты.

"Климаттык оптималдаштырылган соода жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү" сессиясында ал Евразия экономикалык бирлигинде климаттык күн тартибин түзүүгө карата принциптер жана мамилелер, ошондой эле аз көмүртектүү өнүгүүгө дем берүүнүн колдонуудагы инструменттери жөнүндө маалымдады.

Иш-чаранын катышуучулары соода менен байланышкан климаттык чаралардын ЕАЭБ рыногуна жана үчүнчү өлкөлөр менен соодага потенциалдуу таасирин талкуулашты. Жашыл долбоорлордун критерийлери (моделдик таксономиялар) жөнүндө пикир алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.

"Көмүртек рыногун өнүктүрүүгө карата жалпы мамилелерди түзүү ЕАЭБдин экспортко багытталган өндүрүштөрүн коргоо максаттарына гана эмес, ошондой эле көмүртектин изи салыштырмалуу төмөн же аны төмөндөтүүнүн олуттуу потенциалы бар тармактарда атаандаштык артыкчылыктарын өнүктүрүү максаттарына да кызмат кылышы мүмкүн", – деп белгиледи Владимир Серпиков.