Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 18-июндагы отурумунда өткөн жылдын декабрында кабыл алынган Бирликтин май-тоң май продукциясына карата техрегламентине (ББ ТР 024/2011) № 2 өзгөртүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында (өзгөртүүлөр Кеңештин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 149 чечими менен кабыл алынган), ушул техрегламентке стандарттардын Тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Өзгөртүүлөр эки позицияга тиешелүү. Биринчиден, ыктыярдуу колдонуу Стандарттарынын тизмесине Россия Федерациясынын улуттук стандарты - МАМСТ Р 70954-2023 "Какао майынын темперирленбеген аралаш типтеги алмаштыруучулары. Техникалык шарттар" киргизилген. Бул ББ ТР 024/2011ге № 2 өзгөртүүлөр менен техникалык жөнгө салуунун жаңы – "какао майынын темперирленбеген аралаш типтеги алмаштыруучулары" (тамак-аш азыктарынын ар кандай түрлөрүн жана ал үчүн глазурду өндүрүүдө колдонулат) объекттери киргизилгени менен байланыштуу.
Экинчиден, ыкмаларга карата Стандарттарынын тизмегине төрт мамлекеттер аралык стандарттар жана Россия Федерациясынын изилдөөлөрдүн (сыноолордун) бир методикасы киргизилген, алар жаңы киргизилүүчү коопсуздук көрсөткүчү үчүн "глицидолго кайра эсептегенде тоң май кычкылдыктарынын глицидил эфирлери" өсүмдүк майларында жана тоң майларында изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн альтернативдүү ыкмаларын камтыйт.
Өзгөртүүлөр ушул жылдын 22-декабрынан тарта күчүнө кирет. Бул дата ББ ТР 024/2011ге № 2 өзгөртүүлөр күчүнө кирүү датасы менен өз ара байланышта (расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин – 2023-жыл 22-декабрында).