Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2022-жылдын 25-ноябрында кабыл алган Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине шоколадга, шоколад азыктарына жана какао-өнүмдөрүнө карата талаптар боюнча өзгөртүүлөр үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда күчүнө кирди.
Жаңы милдеттүү талаптарга ылайык, Евразия экономикалык бирлигинде жүгүртүүгө чыгарылган шоколад какаонун жалпы кургак калдыгынын 35% жана андан көп бөлүгүн, анын ичинде 18% жана андан көп какао майынын камтууга тийиш.
Шоколад өндүрүүдө сүт майынан бөлөк, жаныбарлардан алынган майды колдонууга болбойт. Бирок шоколаддагы суммардык массалык үлүшү 5% дан ашпоого тийиш болгон какао майынын эквиваленттерин жана (же) SOS-тибиндеги какао майын жакшыртуучуларды колдонууга жол берилет.
Шоколадды жана какао-өнүмдөрүн өндүрүү үчүн шоколаддын же какао азыктарынын даамын жана (же) жытын сымалдаштырган жыт бергичтерди колдонууга уруксат берилбейт. Сүттүү, экстра сүттүү жана ак шоколадды өндүрүү үчүн сүттүн же каймактын, сүт майынын даамын жана (же) жытын сымалдаштырган жыт бергичтерди колдонууга жол берилбейт.
Ичи толтурулган шоколад шоколаддын сырткы бөлүгүнөн бөлүнүүчү 25% же андан көп бөлүктү камтышы керек. Ошол эле учурда ичи толтурулган бар шоколадга шоколад менен капталган нан азыктары (анын ичинде майлуу), ундан жасалган кондитердик азыктар жана балмуздак кирбейт.
Белгиленген талаптар Алиментариус кодексинин эл аралык стандарттары менен шайкеш келтирилген.
Комиссиянын Коллегиясынын көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү колдонууга киргизүү жөнүндө (өткөөл жоболор) 2023-жылдын 14-мартындагы № 30 чечимине ылайык, алар күчүнө кирген күндөн тартып 24 айдын ичинде, мындай тамак-аш продукциясын Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентинде мурда белгиленген милдеттүү талаптарга ылайык Бирликте өндүрүүгө жана жүгүртүүгө чыгарууга болот.
Мындай продукцияны анын даярдоочусу тарабынан белгиленген жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде жүгүртүүгө жол берилет.