Жаңылыктар

06.11.2024

ЕАЭБдин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" жана "Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө" техрегламенттерине өзгөртүүлөр күчүнө кирет

10-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан ЕАЭБдин тамак-аш продукциясына жана аны маркалоого техникалык регламенттерине мурда кабыл алынган өзгөртүүлөр күчүнө кирет.

Өзгөртүүлөр тамак-аш продукциясын аны даярдоочу (даярдоочу ыйгарым укук берген жак, импорттоочу) болуп саналган уюмдун же жеке ишкердин жайгашкан жеринин реквизиттери өзгөргөн учурда аны маркалоону алмаштырбастан ЕАЭБ рыногуна чыгарууга мүмкүндүк берет.

"Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентинин 39-беренесине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, тамак-аш продукциясын даярдоочунун (жасап чыгаруучу ыйгарым укук берген жактын, импорттоочунун) жайгашкан дарегинин реквизиттери катары көрсөтүлгөн шаар, область, көчө ж.б. өзгөртүлгөн күндөн тартып 3 жылдын ичинде, жайгашкан жеринин иш жүзүндөгү географиялык орду жана өндүрүштүн иш жүзүндөгү орду өзгөрүлбөгөн шартта, мындай продукцияны маркалоодо анын жайгашкан жеринин мурдагы аталыштарын көрсөтүү менен, тамак-аш продукциясын жүгүртүүгө чыгарууга жол берилет.

Ошол эле учурда "Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө" техрегламентинин 4-беренесинде тамак-аш продукциясын даярдоочунун (даярдоочу ыйгарым укук берген жактын, импорттоочунун) турган жери жөнүндө ишенимдүү жана актуалдуу маалыматтарды керектөөчүгө жеткирүүнүн мүмкүн болгон ыкмалары каралган.

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентина Татарицкийдин пикири боюнча, Кеңеш тарабынан кабыл алынган өзгөртүүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүү шарттарына оң таасирин тийгизет жана тамак-аш продукциясын маркалоону алмаштыруу зарылчылыгы менен байланышкан ашыкча каржылык жүктү алып салууга жардам берет.