Үстүбүздөгү жылдын 12-февралында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 67 "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында стандартташтыруу чөйрөсүндөгү иштерди координациялоо тартиби жөнүндө" чечими жана ЕЭК Кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 100 "Евразия экономикалык бирлигинин күчүнө кирген техникалык регламенттеринин илимий-техникалык деңгээлин милдеттүү мезгилдүү менен баалоону жүргүзүүнүн тартиби жана аларга карата стандарттардын тизмеси жөнүндө" чечими күчүнө кирди. Бул 2022-жылдын 31-мартында кол коюлган, ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун күчүнө кириши менен байланыштуу.
Бирликтин алкагында стандартташтыруу боюнча иштерди координациялоо тартиби ЕАЭБдин техрегламенттерин ишке ашыруу жана рынокто продукциянын эркин жүгүртүлүшүн камсыз кылуу үчүн мамлекеттер аралык стандарттарды пландаштырууда, иштеп чыгууда жана колдонууда, ошондой эле мүчө мамлекеттердин өнөр жай, транспорт, энергетика жана башка чөйрөлөрдө кооперациялык кызматташтыгын камсыздаган стандарттарды иштеп чыгууда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын өз ара иштешүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Документте Бирликте техникалык жөнгө салуу жаатында, анын ичинде мүчө мамлекеттерде инновациялык жана жогорку технологиялык продукцияны чыгарууну камсыздоо үчүн стандартташтырууну өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди координациялоо каралган.
ЕАЭБдин күчүнө кирген техрегламенттеринин илимий-техникалык деңгээлин милдеттүү мезгилдүү баалоону жана аларга карата стандарттардын тизмегин өткөрүү тартиби алардын талаптарын илимдин, технологиялардын, өндүрүштөрдүн жана сыноо базасынын заманбап өнүгүшүнө шайкеш келтирүү максатында техрегламенттердин илимий-техникалык деңгээлин баалоону уюштуруу жана өткөрүү этаптарын жана жол-жоболорун белгилейт, ошондой эле Бирликтин тиешелүү техрегламенттерин колдонуу чөйрөсүнө кирген продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт.
ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин илимий-техникалык деңгээлин баалоо ЕЭК Кеңешинин тескемеси менен бекитилген планга ылайык беш жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен жүргүзүлөт.
Маалымат
Азыркы учурда ЕАЭБ алкагында 52 техникалык регламент кабыл алынып, алардын 47си күчүнө кирген. 10 техникалык регламент иштелип чыгуу баскычында.