Жаңылыктар

26.07.2023

ЕАЭБдин ИДПсы 2023-жылдын январь-мартында 41,5 трлн россиялык рублди түзгөн

2023-жылдын январь-март айларында Евразия экономикалык бирлигинин ИДПсы 41,5 триллион россиялык рублин (570 млрд АКШ долларын) түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,1%га төмөндөгөн. ИДПнын өсүшү Арменияда (+12,1%), Казакстанда (+5%) жана Кыргызстанда (+4,6%) белгиленген.

ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2023-жылдын январь-май айларында 44 трлн россиялык рублди (583,6 млрд АКШ долларын) түзгөн жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 2%га өскөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү бардык мүчө мамлекеттерде байкалган, эң чоң өсүш Беларуста - 4,1%га - белгиленген. ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшүнүн түзүмүндө эң көп салыштырма салмакты иштетүү өнөр жайы ээлеген (65%дан жогору). Анын үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 пайыздык пунктка көбөйгөн.

ЕАЭБде бардык категориядагы чарбаларда айыл чарба продукциясын өндүрүү 2022-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 3,2% га көбөйүп, 2,5 трлн россиялык рублин (32,6 млрд АКШ долларын) түзгөн. Эң чоң өсүш Беларуста байкалган – 5,4%га

ЕАЭБде 2023-жылдын январь-май айларында аткарылган курулуш иштеринин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,2%га көбөйүп, 4,8 трлн россиялык рублин (63,2 млрд АКШ долларын) түзгөн. Эң чоң өсүш Арменияда катталган (47%дан ашык). Арменияда жана Казакстанда турак жай курулушунун өсүшү байкалган.

2023-жылдын январь – май айларында жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү 5,7 млрд адамды түзүп, бул 2022-жылдын январь-май айларына караганда 8,4%га көп болгон.

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Ар айлык талдамалык серепте" көрсөтүлгөн.