Жаңылыктар

21.02.2022 (Обновлено: 05.03.2022 15:15)

ЕАЭБдеги өз ара соода 2021-жылы рекорддук көрсөткүчкө жетип, 72,6 миллиард АКШ долларды түздү

2021-жылы өз ара сооданын көлөмү Евразия экономикалык бирлигинин иштөө мезгилинде максимумга жетип, 72,6 млрд АКШ долларын түзгөн. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 31,9%га жана 2019-жылга салыштырмалуу 17,8%га көп.

Өз ара соодада экспорттун көлөмүнүн өсүшү Бирликтин бардык мамлекеттеринде катталган. Эң чоң өсүш Кыргызстанда (44,9%га) жана Казакстанда (34,9%га) байкалган.

Тышкы сооданын көлөмү 844,2 млрд АКШ долларын түзгөн, бул 2020-жылга салыштырмалуу 35,1%га көп. Ковидге чейинки 2019-жылдагы деңгээлден 14,7%га ашкан. ЕАЭБден тышкары өлкөлөргө товарлардын экспорту 2021-жылы 44,1%га, импорт - 22,6%га көбөйгөн. Бирликтен тышкары өлкөлөргө экспорттоого эң чоң салымды Беларусь (47,8%га өсүш) жана Россия (47%га өсүш) кошкон.
Толугураак статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында "Товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын статистикасы" бөлүмүндө экспресс-серепте көрсөтүлгөн.