Елена Ивановна Кухаревич 1994-жылы Беларусь мамлекеттик экономикалык университетин "статистика" адистиги боюнча, 2003-жылы — Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын аяктаган.
1988-жылдан 2008-жылга чейин Гродно облустук статистика башкармалыгында ар кандай кызматтарда, акыркы беш жылда — башкармалыктын башчысынын орун басары жана башчынын биринчи орун басары кызматтарында иштеген.
2008-жылдан 2025-жылга чейин — Беларусь Республикасынын статистика жана анализ министринин орун басары, Беларусь Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасынын биринчи орун басары.
Мамлекеттик сыйлык – "Сиңирген эмгеги үчүн" медалы менен сыйланган.
2025-жылдын 4-мартынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.