Александр Евгеньевич Басалыга 1986-жылы Беларусь Республикасынын Минск облусунун Солигорск шаарында туулган.
Беларусь мамлекеттик университетин (билими боюнча адистиги – эл аралык укук) жана Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясын (улуттук экономиканы мамлекеттик башкаруу) аяктаган.
2010-жылдан 2024-жылга чейинки эмгек ишмердүүлүгү Беларусь Республикасынын Юстиция министрлиги менен байланышкан, анда Александр Басалыга биринчи категориядагы адистен эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысына чейинки жолду басып өткөн.
2012-2014-жылдары эксперттик деңгээлде башкаруунун мамлекеттик органдарын ЕАЭБ жөнүндө келишимдин функционалдык бөлүгүн даярдоо боюнча координациялоону камсыздаган.
Эмгектеги жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн Беларусь Республикасынын Юстиция министрлиги, башка мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан көп ирет сыйланган.
2024-жылдын 22-июлунан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Укук департаментинин директорунун орун басары кызматына дайындалды.