Жаңылыктар

20.06.2023

ЕАЭБ аймагынан киттерди, дельфиндерди жана деңиз чочколорун алып чыгууга тыюу салынат

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан сүт эмүүчүлөрдүн кит сымалдар отрядынын бир катар түрлөрүн алып чыгууга тыюу салуу чечимин кабыл алды. Тиешелүү өзгөртүүлөр ЕЭК Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө" чечимине киргизилди.

   

"Комиссия чакырыктарга ыкчам жооп кайтарат жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоого жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын популяциясын сактоого багытталган чараларды көрөт. Бул учурда кеп киттер, дельфиндер жана деңиз чочколору жөнүндө болуп жатат", – деп белгиледи ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.

Ал түшүндүргөндөй, азыркы учурда кит сымалдарды ташып чыгуу Бирликтин мүчө мамлекетинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген уруксаттын (сертификаттын) негизинде ишке ашырылууда. Анткен менен колдонуудагы тартип жаныбарлар дүйнөсүнүн аталган объекттеринин сакталышын толук өлчөмдө контролдоого мүмкүндүк бербейт.

ЕЭК Коллегиясы тарабынан кабыл алынган чечим бир нече жыл мурда болуп өткөн жана "кит түрмөсү" аталышын алган учурлардын кайталанбашына мүмкүндүк берет: илимий-агартуу максаттары үчүн деген жалган максат менен кит сымалдарды кармап, жаныбарларды чет өлкөлүк океанариумдарга сатууну каалашкан.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.