Департамент Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өз ишмердигин Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин, ветеринардык-санитардык, карантиндик фитосанитардык коопсуздукту, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго), карантиндик фитосанитардык жана ветеринардык контролго (көзөмөлгө) тийиш болгон товарлардын (продукциялардын) тиешелүү бирдиктүү тизмегине өзгөртүүлөрдү даярдоо жана киргизүү боюнча иштерди жана мындай товарларга карата бирдиктүү талаптарды уюштуруу;
убактылуу санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды киргизүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы чек арасында жана бажы аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду), ветеринардык жана карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү тартибин аныктоо;
мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн тиешелүү укуктарды жана мыйзамдуу таламдарды коргоону камсыз кылуунун бирдей шарттарын түзүү максатында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө макулдашылган саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу;
мүчө мамлекеттер үчүн ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболорун керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө макулдашылган саясатты жүргүзүүгө тиешелүү бөлүгүндө ишке ашыруу тартиби жөнүндө сунуштамаларды иштеп чыгуу;
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мүчө мамлекеттердин биргелешкен иш-аракеттеринин программасын иштеп чыгуу жана ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү;
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо маселелери боюнча Консультативдик комитеттин ишмердигин камсыздоо;
санитардык, ветеринардык-санитардык, карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө ЕЭК менен ЕАЭБдин эл аралык кызматташтыгын ишке ашыруу;
жогоруда аталган чөйрөлөрдө ЕАЭБ укугунун актыларынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү.