Синкевич  Владимир Алексеевич

Өмүр баян

Владимир Алексеевич Синкевич 1965-жылы Витебск облусунун Сенно шаарында (Беларусь Республикасы) туулган.

1988-жылы Минск мамлекеттик медициналык институтунун санитардык-гигиеналык факультетин, 2011-жылы Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын «социалдык чөйрөнү мамлекеттик башкаруу» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердигин 1988-жылы Беларусь Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Витебск шаардык санитардык-эпидемиологиялык станциясында (кийин Витебск зоналдык гигиена жана эпидемиология борбору) эпидемиолог-дарыгер болуп баштаган. Андан кийин бул мекемеде ар кандай кызматтарда иштеген, анын ичинде 2005-2010-жылдары – Витебск шаарынын башкы мамлекеттик санитардык врачы – «Витебск зоналдык гигиена жана эпидемиология борбору» мамлекеттик мекемесинин башкы дарыгери.

2010-2024-жылдары — Витебск облусунун башкы мамлекеттик санитардык дарыгери — "Витебск областтык гигиена, эпидемиология жана саламаттыкты сактоо борбору" мамлекеттик мекемесинин башкы дарыгери.

2024-жылдын 28-октябрдан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директорунун кызматына дайындалган.