Комитеттин негизги милдети болуп сунуштарды, анын ичинде аларды эң мыкты эл аралык тажрыйбанын негизинде төмөнкү маселелер боюнча сунуштарды даярдоо болуп саналат:
Бирликтин мүчө мамлекеттеринин (мындан ары – мүчө мамлекеттер) аймагындагы ишкердик жана инвестициялык ишмердик чөйрөсүндөгү бирдиктүү саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу;
ишкердик ишмердик чөйрөсүндөгү ашыкча административдик тоскоолдуктарды четтетүү;
бизнес-климатты, анын ичинде мүчө мамлекеттердин аймагындагы инвестициялык ишмердикти жана өз ара кызмат көрсөтүүлөрдү соодалоону жакшыртуу.
Ишкердик маселелери боюнча консультативдик комитет Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 25-сентябрдагы № 171 чечими менен түзүлгөн.
Комитеттин азыркы курамы Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2017-жылдын 29-августундагы № 110 тескемеси менен бекитилген. Комитеттин курамы аткаруучу бийликтин, ишкерлер асссоцияциясынын, соода-өнөр жай палатасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин башка уюмдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн. Армения Республикасы Комитеттин 7 мүчөсү тарабынан көрсөтүлгөн, Беларусь Республикасы - 14, Казакстан Республикасы – 16, Кыргыз Республикасынан – 7, Россия Федерациясы - 20.
Ишкердик маселелери боюнча консультативдик комитеттин төрагасы – Коллегиянын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Мекешевич Жаксылыков.
Комитеттин жумушчу органы болуп комитетчелер эсептелет:
өз ара соода жүргүзүү жана инвестициялык ишмердик чөйрөсүндөгү ашыкча тоскоолдорду четтетүү (курамы);
тышкы соода жүргүзүү ишмердиги чөйрөсүндөгү ашыкча тоскоолдорду четтетүү боюнча (курамы).
Комитеттин алдында эксперттик топтор түзүлгөн:
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин улуттук өнүгүү институттарынын өз ара аракеттенүү маселелери боюнча (курамы);
Евразиялык экономикалык бирликке мүчө мамлекеттердин мамлекеттик-жек өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү боюнча (курамы).