1. Евразия экономикалык биримдигинин аклагында интеллектуалдык меняик чөйрөсү кандай багыттарды камтыйт?

2014-жылдын 29-майындагы  Евразия экономикалык биримдиги тууралуу келишимдин “Интеллектуалдык менчик” деп аталган XXIII бөлүгүнө ылайык, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик обьектисин коргоо жана укук берүү жаатында кызматташуусу төмөнкү негизги багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:

1)         илимий жана инновациялык өнүгүүнү колдоо;

2)         интеллектуалдык менчик обьекттерин коммерциалаштыруу жана пайдалануу механизмдерин жакшыртуу;

3)         автордук укук ээлери жана мүчө мамлекеттердин туташ укуктары үчүн жагымдуу шарттарды сунуштоо;

4)         Евразия экономикалык биримдигинин товар белгилерин жана тейлөө белгилерин  жана Евразия экономикалык биримдигинин товарларынын чыккан жеринин аталыштарын каттоо системасын жүргүзүү;

5)         Интеллектуалдык менчик обьектилерине болгон укукту корголушун камсыз кылуу, анын ичинде Интернет түйүнүндө;

Интеллектуалдык менчик обьектилерине укукту натыйжалуу бажылык коргоону камсыз кылуу, анын ичинде мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик обьектилеринин бирдиктүү бажы реестрин жүргүзүү аркылуу;

контрафакттык продукциянын жүгүртүлүшүн алдын алууга жана токтотууга багытталган координацияланган чараларды жүзөгө ашыруу.

2. Евразия экономикалык биримдигинде улуттук режим жана интеллектуалдык менчик чүйрөсүндө олуттуу оңтойлуулук режими каралганбы?

Ооба, каралган

Бир мүчө мамлекеттин жактарына башка мүчө мамлекеттин аймагында обьекттин укуктук режимине тиешелүү улуттук режим сунушталат Мүчө мамлекеттин мыйзамдары аркылуу, сот жана административдик чараларга карата кат алышуулары жана  өкүлдү дайындоо үчүн көрсөтүлгөн даректи кошо алганда, улуттук режимден алынып салынышы мүмкүн.

Евразия экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер өз мыйзамдарында интеллектуалдык менчик обьектилерине карата укукту коргоо жана сактоо боюнча жогорку деңгээлди камсыз кылууну камтыган ченемдерди карашы мүмкүн. Бул, мүчө мамлекеттерге карата колдонулуучу эл аралык укуктук актыларда, ошондой эле Евразия экономикалык биримдиктин укугун түзгөн эл аралык келишимдерде жана актыларда каралат.

3. Евразия экономикалык биримдиктин интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иш алып барган комиссия кандай чараларды көрөт? Бул маселе боюнча эл аралык тажрыйба эске алынабы?

Евразия экономикалык биримдигинин  комиссиясы  Евразия экономикалык биримдиктин интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында, аталган чөйрөдө эл аралык укуктагы, Евразия экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп келет.
 Ошондой эле,  Евразия экономикалык биримдигинин  комиссиясы  интеллектуалдык менчикке тиешелүү терс тенденцияларды ар тараптан шайкеш изилдөөгө, аларды жеңүүгө мүчө мамлекеттер менен биргеликте аларды четтеүү боюнча чаараларды иштеп чгуу максатында бардык күчүн жумшайт.

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен туруктуу өз ара иш алып барууну, ошондой эле, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө, анын ичинде эл аралык уюмдар, норма чыгаруу жагында колдонуу үчүн тажрыйба алмашуу жана ачык маалымат алмашуу максатында үчүнчү мамлекеттердин өкүлдөрү  менен эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырат.

Ошентип, Евразия экономикалык биримдигинин  комиссиясы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму (ВОИС), Интеллектуалдык менчик боюнча Европа биримдигинин ведомствосу (EUIPO), Европа патент берүү уюму (ЕАПО), ошондой эле дипломатиялык миссиялары жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен ийгиликтүү кызматташып келет. Алардын катарында Россиядагы Европа  биримдигинин Өкүлчүлүгү, Россия Федерациясындагы Франция элчилиги, Россия Федепрациясындагы Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги, Тышкы сооданы өнүктүрүү боюнча Япония уюмунун өкүлчүлүгү (JETRO) жана башкалар.

2014-жылдан бери Евразия экономикалык комиссиясына ВОИСке караштуу туруктуу байкоочу статусу бөлүнгөн

Учура Евразия патенттик уюму менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум кол коюуга даярдалууда

Эл аралык байланыштарды түзүүдө алган тажрыйбаны Евразия экономикалык комиссиясы интеллектуалдык менчик чөчйрөсүндөэл аралык келишимдердин долбооорлорунун алкагында колдонулат

4. Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттерде “параллель импорт” легалдаштырылабы?

Евразия экономикалык биримдиктин аймагында товардык белгиге карата өзгөчө укукту алып салуу регионалдык принциби бекитилген.

 Бул 2014-жылдын 29-майында Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимде аныкталган.

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында товарларды жылдыруу эркиндиги мүчө-мамлекеттердин аймагында укукту алып салуунун бирдиктүү принциби аракеттенүүгө тийиш экендигин түшүндүрөт. 

Товардык белгиге карата өзгөчө укукту алып салуу принцибин өзгөртүү максатка ылайыктуулугу маселеси жана “параллель импортун” легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү мурдатан бери эле талкууланууда.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши тарабынан 2014-жылдын июнь айында интеллектуалдык менчик объекттерине карата өзгөчө укукту алып салуу принцибин мындан ары да колдонуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн, аны аталган комиссиянын Экономика жана финансы саясаты боюнча коллегиясынын мүчөсү, министр Сулейменов Тимур Муратович жетектеген. 

Топтун курамына Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын жана бизнестин өкүлдөрү, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын адистеринин кеңири чөйрөсү кирет.

Кырдаалдын өнүгүшүнүн ар кыл вариантын карап чыккан Жумушчу топтун жыйынтыгынын негизинде 2016-жылдын 13-апрелинде Евразия өкмөт аралык кеңеши тарабынан товардык белгиге айрыкча укукту жок кылуу принцибин колдонуудан товарлардын айрым түрлөрүн чыгарып салууга карата Евразия өкмөт аралык ведомствосуна ыйгарым  укук берүүчү нормалар менен Биримдик тууралуу келишимди толуктоочу протокол долбоорун даярдоо жөнүндө тескеме кабыл алынган.

Мындай документ кабыл алынган учурда товарлардын айрым бир түрлөрү үчүн “параллель импорттоого” уруксат берилет.

Учурда Евразия экономикалык биримдигинин комиссиясы Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен биргеликте Евразия экономикалык биримдиги тууралуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоорун даярдап жатат.

5. Контрафакттык товарларды ташып кирүүнү токтотуу үчүн   товардык белгини  бүтүндөй Евразия экономикалык биримдигинин аймагында кантип коргоого болот?

Контрафакттык товарларды ташып келүүнү алдын алуу максатында, товардык белгини интеллектуалдык менчик объекттеринин улуттук бажы реестрлеринде каттоо максатка ылайыктуу.

Евразия экономикалык биримдигинин бүткүн аймагында интеллектуалдык менчик укуктарын коргоого байланыштуу жол-жоболорду жеңилдетүү үчүн Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттери менен биргеликте Интеллектуалдык менчик обьекттеринин бирдиктүү бажы реестринин иштөөсүн камсыз кылуу максатында ченемдик укуктук базаны түзүүнү ишке ашырат. Учурда Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда аталган маселени жөнгө салган эл аралык келишимдин долбоору ага кол коюу үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордон өтүүдө.

6. Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда өз ара соода жүргүзүүдө бажы контролдугунун жоктугун эске алуу менен интеллектуалдык менчик укуктарын бузуулар көбүнесе транс чек аралык мүнөзгө ээ болууда. Буга каршы аракттерди көрүү үчүн эмне кыласыз?

2015-жылдын 8-сентябрында Гродно шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан интеллектуалдык менчик обьекттерине укуктарын коргоо боюнча иш-аракеттерди координациялоо жөнүндө келишимге кол коюлган, ал Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын интеллектуалдык менчик обьекттерине укуктарынын бузууларын алдын алуу, аныктоо, четтетүү жана иликтөө боюнча иш-аракеттерин координациялоого багытталган.

Бул келишим менен бирге Регламент даярдалууда, ал Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын маалыматтык өз ара иш алып баруу эрежелерин жана транс чек аралык мүнөзгө ээ болгон бузууларды четтетүү үчүн зарыл болгон талаптарды аткарылышын белгилейт.

7. Евразия экономикалык биримдигинде автордук же аралаш укуктарды жамааттык башкарууну жөнгө салууга карата ыкмалар кандайча унификацияланат?

Автордук жана чектеш укуктарды жамааттык негизде башкарууну өңчөйлөштүрүү максатында, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттер менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан автордук жана чектеш укуктарды жамааттык негизде башкаруу тартиби жөнүндө макулдашуунун долбоору даярдалган.

Макулдашуунун долбоорунда тиешелүү уюмдар (ОКУП) тарабынан чогултулган сый акыдан, отчет берүүдөн жана ОКУП эл алдында отчет берүүдөн, укук ээлерине сый акыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөө механизмине милдеттүү аудит жүргүзүүдөн кармоонун чектүү өлчөмүн жана укуктук режимин белгилөө бөлүгүндө жамааттык башкарууга карата бирдиктүү жөнгө салуу каралган. 

Ошондой эле Макулдашуунун долбоору менен улуттук мыйзамда пайдалануучулар же ОКУП тарабынан автордук жана (же) чектеш укуктардын обьекттерин пайдалангандыгы жана аларды укук ээсинин макулдугусуз пайдалангандыгы жана башка талаптарды жана милдеттенмелерди бузгандыгына сый акы төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчиликти белгилөө каралган.

8. Товардык белги евразия экономикалык биримдигинин товардык белгисинен эмнеси менен айырмаланат?

Товардык белгиге улуттук патенттик ведомстводо мамлекеттик каттоонун негизинде өзүнчө алынган мамлекеттин аймагында укуктук коргоо сунушталат.

мисалы, товардык белгиге Россия Федерациясынын аймагында Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматта мамлекеттик каттоо аркылуу (Роспатент) укуктук жактан коргоо сунушталышы мүмкүн.

Евразия экономикалык биримдигинин товардык белгисине мүчө мамлекеттердин (Армения, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан, Россия) аймактарында бир эле учурда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин улуттук патенттик ведомстволорунун кайсынысынан болбосун билдирме берүү менен укуктук коргоо сунушталат.

9. Евразия экономикалык биримдигинин товардык белгисне укукка ээ болгондордун укуктары кандай?

Евразия экономикалык биримдигинин товардык белгисине укукка ээ болгондор бул белгини мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык колдонуу  жана б ул укуктан пайдалануу укугуна, ошондой эле башка жактарга бул товардык белгини же ага окшош  белгилөөлөрдү бир түрдүү тоаврлага жана (же) кызматтарга карата колдонуусуна тыюу салуу укугуна ээ болушат.

10. Интеллектуалдык кандай иш натыйжалары Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, ойлоп чыгарылган катары катталышы мүмкүн.

Мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык ойлоп чыгарылган катары продуктка (түзүлүшкө, затка), ыкмагы (материалдык каражаттардын жардамы менен материалдык объекттин үстүнөн аракеттерди жүзөгө ашырган процесс), ошондой эле белгилүү продукттарды же жаңы багыттагы же  белгилүү бир багыттагы жаңы продукт боюнча ыкмаларды колдонууга тиешелүү кайсы болбосун тармактагы техникалык чечимдер корголот

11. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык патенттик укук объекттерине өзгөчө укуктун мөөнөтү кандай?

Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге ылайык ойлоп чыгарылгандарга өзгөчө укуктун мөөнөтү кеминде 20 жыл, пайдалуу үлгүлөр жана өнөр жай үлгүлөрү үчүн  - кеминде 5 жыл.

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык ойлоп чыгууларга өзгөчө укуктун мөөнөтү 20 жылды түзөт.

Армения Республикасында жана Россия Федерациясында пайдалуу үдгүлөргө өзгөчө укук 10 жылды, Беларусь жана Казакстан Республикаларында жана Кыргызстан Республикасында -5 жылды түзөт.

Армения жана Беларусь Республикаларында өнөр жай үлгүлөрүнө өзгөчө укуктун үлгүлөрү 15 жылды, россия Федерациясында - 5 жылды түзөт

12. Евразия экономикалык биримдигинде Интеллектуалдык менчик стратегиясы барбы? Эгерде, бар болсо, кандай жоболорду камтыйт?

Азыркы учурда Евразия экономикалык комиссиясы  Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен бирдикте стратегиялык пландаштыруу жагындагы илимий адистерди ишке тартуу менен, Евразия экономикалык биримдигинде интеллектуалдык менчикти коргоо жана пайдалануу стратегиясынын долбоорун иштеп чыгууну пландаштырууда.

Стратегиянын долбоорунда илимий, көркөм өнөр, инновациялык жана чыгармачылык ишти активдештирүү, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Евразия экономикалык биримдигинде интеграцияланган интеллектуалдык менчик системасын калыптандырууга багытталган жоболор камтылган.

Жакынкы убакта аталган долбоор кызыкдар жактардан тиешелүү сунуштарды алуу максатында коомчулукка тааныштырылат

13. Евразия экономикалык биримдикте Интеллектуалдык менчик стратегиясын аткаруунун жүрүшүндө кандай натыйжаларга жетүү пландаштырылууда?

Стратегияны ишке ашыруунун негизги  натыйжалары катары Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин инновациялык негизги экономикаларын натыйжалуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн, жигердүү өнүгүп келе жаткан интеллектуалдык менчиктин евразия рыногу саналаары болжолдонууда, мында алардын атаандашуу жөндөмдүүлүгү да тиешелүү деңгээлде камсыз болот.

Стратегиянын ишке ашышы Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин интеграциялык алакасын кеңейтет, евразия экономикалык биримдигинин аймагында интеллектуалдык менчик объекттеринин тоскоолдуксуз айланымы үчүн шарттарды түзөт.