Бажы кызматташтыгы

Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Алишеров Эльдар Туралиевич

темасындагы жаңылыктар «Бажы кызматташтыгы»

12 Sep 2024 ЕАЭБде декларация берилгенге чейин товарларды чыгарууну укуктук жөнгө салуу өркүндөтүлүүдө ЫЭОлор үчүн жеңилдетүүлөрдүн бири болуп саналган товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгарууга тиешелүү Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын чечимдеринин долбоорлору Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Александр Титовдун жетекчилиги астында Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин алдындагы профилдик жумушчу топтордун биргелешкен отурумунда талкууланды. Биринчи долбоор акциздик маркалар жөнүндө маалыматтарды жөнөкөйлөтүлгөн бажы документинде – бергенге чейин чыгаруу жөнүндө арызда көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Мунун аркасында акциздик товарларга карата товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгаруу сыяктуу жөнөкөйлөтүүнү практикалык колдонуу мүмкүн болот. Эксперттик деңгээлде колдоого алынган чечимдин экинчи долбоору мурда чыгарылган товарлардын декларациясына карата, башкача айтканда товарларды декларациялоонун жана чыгаруунун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин колдонууда бажы документтерин жана маалыматтарын текшерүү тартибин камтыйт. Мындан тышкары, жумушчу топтордун отурумунун жүрүшүндө декларация белгиленген мөөнөттө берилбеген мурда болгон учурдун негизинде декларация берилгенге чейин чыгарууга арызды каттоодон баш тартуунун укук колдонуу практикасы маселелери талкууланды. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор институту — бул өнөктөштүк программанын эл аралык деңгээлде таанылган стандарты, ал эми ЫЭОлор — бажылык операцияларды жана бажы контролун жүргүзүүдө белгилүү бир талаптарга жооп берген жактар катары жеңилдиктер берилген, жактардын өзгөчө категориясы. ЕЭК Коллегиясынын 4-сентябрдагы № 103 Чечими менен 2025-жылдын 1-апрелинен тарта Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 323 "Ыйгарым укуктуу экономикалык операторго берилүүчү атайын жөнөкөйлөтүүлөр аларга карата колдонулушу мүмкүн болбогон товарлардын тизмеси жөнүндө" чечимин жокко чыгаруу каралган. Арыз бергенге чейин чыгаруу — бул ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор үчүн жөнөкөйлөтүүлөрдүн бири. ЕЭК Коллегиясынын 2017-жылдын 13-декабрындагы № 171 чечими менен товарларга декларация берилгенге чейин чыгаруу жөнүндө арызды толтуруунун формасы жана тартиби бекитилген. ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде ЫЭО институтун өнүктүрүү боюнча жумушчу топ 2014-жылы түзүлгөн. Ал Бирликте ыйгарым укуктуу экономикалык оператор институтун өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат. Бажылык декларациялоо боюнча жумушчу топ 2022-жылы түзүлгөн, анын иш чөйрөсүнө товарларды декларациялоо маселелери, анын ичинде бажы декларациясын бергенге чейин чыгаруу жөнүндө арыздын формасы жана толтуруу тартиби кирет.
11 Sep 2024 ЕЭКте Армениянын "бирдиктүү терезе" улуттук механизмин өнүктүрүү боюнча долбоору презентацияланды Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында Армения Республикасынын Мамлекеттик кирешелер комитети 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруунун алкагында "бирдиктүү терезе" улуттук механизминин долбоорун сунуштады. Иш-чарага "бирдиктүү терезе" улуттук механизмдерин өнүктүрүү долбооруна тартылган ЕЭКтин, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана бизнесинин өкүлдөрү катышышты. Армениялык ведомство "Армения Республикасынын тышкы соодасы үчүн улуттук бирдиктүү терезе" санариптик платформасынын ишин көрсөттү. Атап айтканда, чарбакер субъекттердин, ошондой эле бажы органдарынын тышкы экономикалык ишмердикти жүзөгө ашыруу үчүн уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча башка мамлекеттик органдар менен тутумчасынын интеграциясы көрсөтүлдү. Бирлик өлкөлөрүндө "бирдиктүү терезенин" улуттук механизмдерин куруунун ыкмалары менен таанышуу үчүн Комиссия тарабынан ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен биргеликте бул ишти жүргүзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. ЕЭК Кеңешинин 2021-жылдын 5-апрелиндеги № 4 "2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө" тескемеси менен Стратегия-2025ти жүзөгө ашыруу боюнча чаралар, механизмдер жана иш-чаралар аныкталган. Иш чаралар планынын 9.4-пунктунун бөлүгүндө андан ары алардын шайкештигин жана маалыматтарды алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында "бирдиктүү терезе" улуттук механизмдерин киргизүү боюнча пилоттук долбоорлорду демонстрациялоого багытталган иш-чараларды уюштуруу аныкталган
04 Sep 2024 Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор көп жылдык чектөөнү алып салууга байланыштуу ЕАЭБ алкагында көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат ЕЭК Коллегиясы Бажы бирлигинин комиссиясынын (ББК) 2010-жылдын 18-июнундагы № 323 Чечими күчүн жоготту деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды. Бажы бирлигинин Комиссиясынын бул чечими менен ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго (ЫЭО) берилүүчү, аларга карата атайын жөнөкөйлөтүүлөр колдонулушу мүмкүн болбогон товарлардын тизмеги бекитилген. Бул тизмеге акциздик товарлар киргизилген жана 10 жылдан ашык убакыттан бери колдонулган. ББКнын чечими ЫЭОлорго өзүнүн статусун толук пайдаланууга жана акциздик товарларды ташууда берилген жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонууга мүмкүндүк берген эмес. Чечимди кабыл алуу ЕАЭБде ЫЭО институтун андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, ага көбүрөөк компанияларды, анын ичинде акциз алдындагы товарларды алып келүүчү компанияларды тартат. "Товарлардын айрым категорияларына карата жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонууда көп жылдар бою болгон чектөөлөрдү алып салуу мындай товарларды ташып келүүнү ишке ашырган ЫЭОлор үчүн чыгымдарды азайтууга өбөлгө түзөт. Макроэкономикалык туруксуздук шарттарында, анын ичинде логистикадагы кыйынчылыктарга байланыштуу, бул Бирликтин бизнесине колдоо көрсөтүүнүн кошумча чарасы болуп саналат", — деп белгиледи ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор институту — бул бажынын жана бизнестин өнөктөштүк программасынын эл аралык таанылган стандарты. ЫЭО — белгилүү талаптарга жооп берген жана тобокелдиктин төмөнкү деңгээлине киргизилген жактар катары бажы операцияларын жана бажы контролун жүргүзүүдө жөнөкөйлөтүү берилүүчү жактардын өзгөчө категориясы. ЕАЭБ Бажы кодексинин 437-беренесине ылайык, ЫЭОлорго күбөлүктүн түрүнө жараша ондон ашык жөнөкөйлөтүүлөр берилген, алардын арасында — декларация берилгенге чейин товарларды чыгаруу мүмкүнчүлүгү, товарларды өз аянттарында сактоо, транзит учурунда камсыздоону көрсөтпөө сыяктуу жөнөкөйлөтүүлөр бар.
Дагы көрсөтүү

Темасындагы чечимдер «Бажы кызматташтыгы»

106
10.09.2024 Решение Коллегии ЕЭК № 106 О внесении изменений в Программу по разработке (внесению изменений, пересмотру) межгосударственных стандартов,
в результате применения которых на добровольной основе обеспечивается соблюдение требований технического регламента Таможенного союза «О безопасности игрушек» (ТР ТС 008/2011),
и межгосударственных стандартов, содержащих правила и методы исследований (испытаний) и измерений, в том числе правила отбора образцов, необходимые для применения и исполнения требований технического регламента Таможенного союза «О безопасности игрушек» (ТР ТС 008/2011) и осуществления оценки соответствия объектов технического регулирования требованиям этого технического регламента
144
10.09.2024 Распоряжение Коллегии ЕЭК № 144 О проекте решения Совета Евразийской экономической комиссии «Об установлении ставки ввозной таможенной пошлины Единого таможенного тарифа Евразийского экономического союза в отношении вискозных волокон искусственных, не подвергнутых кардо-, гребнечесанию или другой подготовке для прядения»
143
10.09.2024 Распоряжение Коллегии ЕЭК № 143 О проекте распоряжения Совета Евразийской экономической комиссии «О внесении изменения в пункт 4.4.1 плана мероприятий по реализации Стратегических направлений развития евразийской экономической интеграции до 2025 года»
142
10.09.2024 Распоряжение Коллегии ЕЭК № 142 О проекте Меморандума о взаимопонимании между Евразийской экономической комиссией и Египетским конкурентным ведомством в сфере конкурентной политики и антимонопольного регулирования
141
10.09.2024 Распоряжение Коллегии ЕЭК № 141 О внесении изменений в состав Консультативного комитета по функционированию внутренних рынков
ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүк департаментинин директорунун орун басары Самат Алиевдин 23 2015 ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүк департаментинин директорунун орун басары Самат Алиевдин "Интеграциянын тажрыйбасы. ЕЭИ" журналындагы "Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эмгек миграциясы" автордук макаласы ​Самат Бикитаевич Алиев — д. т.н., профессор, академик Российской академии есте- ственных наук, заместитель директора Департамента развития предпринимательской деятельности Евразийской экономической комиссии. При участии С.Б. Алиева и под его непосредственным руководством разрабатываются проекты нормативно-право- вых актов Евразийской экономической комиссии и международные законопроекты в сфере интеллектуальной собственности по вопросам товарных знаков, коллектив- ного управления авторскими и смежными правами, единого таможенного реестра объектов интеллектуальной собственности, координации деятельности уполномо- ченных органов. Автор более 110 научных трудов, в том числе 20 монографий. Сфе- ра научной деятельности — реструктуризация угольной промышленности, развитие высшего образования, управление транснациональными корпорациями, стратегия развития интеллектуальной собственности, миграционные процессы.
0/0