Давыдов Руслан Валентинович

Давыдов Руслан Валентинович

Өмүр баян

1960-жылы 21-сентябрда Свердловск шаарында туулган.

1984-жылы Москва инженердик-физикалык институтун "автоматика жана электроника" адистиги боюнча аяктаган, андан кийин СССРдин Орто машина куруу министрлигинин тутумунун илимий-изилдөө мекемелеринде иштеген.

1993-жылы Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиялык Мамлекеттик кызмат академиясын "экономика жана башкаруу" адистиги боюнча аяктаган.

1995-жылдан дипломатиялык кызматта: Россия Федерациясынын Сан-Франциско шаарындагы (АКШ) Башкы консулдугунун вице-консулу, Буэнос-Айрес шаарындагы (Аргентина) Россиялык эл аралык илимий жана маданий кызматташтык борборунун өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары.

2008-жылдан бери бажы органдарында, Россиянын ФБК кеңешчиси, башкы кеңешчиси, Бажылык тариздөөнү жана бажы контролун уюштуруу башкы башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген.

2012-жылдын март айында Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

2017-жылдын февраль айында Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматына дайындалган.

2023-жылдын февралынан 2024-жылдын майына чейин — Федералдык бажы кызматынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу.

2024-жылдын 12-сентябрында ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министринин кызматына дайындалган.

Руслан Давыдов Дүйнөлүк бажы уюмунда (ДБУ) Россия Федерациясынын кызыкчылыктарын коргогон. 2014-жылдан 2016-жылга чейин — ДБУ Кеңешинин аудит боюнча комитетинин башчысы, 2016-жылдан 2017-жылга чейин — ДБУ Кеңешинин төрагасы, 2017-жылдан 2019-жылга чейин — ДБУ Кеңешинин вице-төрагасы.

ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүк департаментинин директорунун орун басары Самат Алиевдин 23 ноябрындагы 2015 ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүк департаментинин директорунун орун басары Самат Алиевдин "Интеграциянын тажрыйбасы. ЕЭИ" журналындагы "Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эмгек миграциясы" автордук макаласы ​Самат Бикитаевич Алиев — д. т.н., профессор, академик Российской академии есте- ственных наук, заместитель директора Департамента развития предпринимательской деятельности Евразийской экономической комиссии. При участии С.Б. Алиева и под его непосредственным руководством разрабатываются проекты нормативно-право- вых актов Евразийской экономической комиссии и международные законопроекты в сфере интеллектуальной собственности по вопросам товарных знаков, коллектив- ного управления авторскими и смежными правами, единого таможенного реестра объектов интеллектуальной собственности, координации деятельности уполномо- ченных органов. Автор более 110 научных трудов, в том числе 20 монографий. Сфе- ра научной деятельности — реструктуризация угольной промышленности, развитие высшего образования, управление транснациональными корпорациями, стратегия развития интеллектуальной собственности, миграционные процессы.
0/0