Алексанян Александр Сергеевич
Александр Сергеевич Алексанян 1984-жылдын 9-декабрында Гюмри шаарында туулган (Армения Республикасы).
2007-жылы Владимир мамлекеттик университетин "математика, системалык программист" адистиги боюнча аяктаган.
Ири ишканаларда жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана инфраструктуранын ишинин туруктуулугун камсыздоо жаатында илимий-изилдөө мекемелеринде иштөө боюнча чоң тажрыйбага ээ.
2020-жылдын февралынан 2021-жылдын августуна чейин — Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министринин жардамчысы.
2021-жылдын 27-августунан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Маалыматтык технологиялар департаментинин директору болуп дайындалган.