Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр)​ Симонян Варос Арутюнович

темасындагы жаңылыктар «Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар»

08 Oct 2024 III Евразия экономикалык форумунун жыйынтыктары Армениянын борборунда 30-сентябрдан 1-октябрга чейин Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин жана байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына арналган III Евразия экономикалык форуму болуп өттү. Иш-чара 2024-жылы Евразия экономикалык бирлигинин органдарында Армения Республикасынын төрагалыгынын алкагында болуп өттү. Форумдун ишине 30дан ашык өлкөдөн 2000ге жакын катышуучу катышты. Бизнес өкүлдөрүнүн өзгөчө кызыгуусу байкалды: Форумга 200гө жакын компания келди. Форумдун алкагында ЕАЭБ-Куба жана ЕАЭБ-Иран бизнес-диалогдору болуп өттү, алардын жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн концептуалдык маселелери талкууланды. Форумдун ишкердик программасы 30дан ашык иш-чараларды камтыды. ЕЭФ-2024түн катышуучулары Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ЕАЭБдин стратегиялык өнүгүүсү, ар тараптуу кооперация жана технологиялык кызматташтык, санариптештирүү, транспорттук инфраструктураны жана логистиканы өнүктүрүү, ички рыноктун сапаты жана ишкердикти колдоо, ошондой эле эл аралык кызматташтык сыяктуу экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты. III Евразиялык экономикалык форумдун өзөктүү иш-чарасы – "Заманбап реалдуулукта санариптештирүү – төрт эркиндикти камсыз кылуу үчүн императив" пленардык отуруму болду, ага Евразия экономикалык бирлигинин өкмөт башчылары: Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышышты. Форумга ошондой эле ардактуу коноктор – Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Иран Ислам Республикасынын Биринчи Вице–президенти Мохаммад-Реза Ареф катышты. Форумга Ирандан келген көп сандаган делегация катышты. ЕАЭБ-Иран бизнес-диалогу өзүнө панелдик дискуссияны камтыган, анын жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн концептуалдык маселелери талкууланды, ошондой эле тармактык тегерек столдор өткөрүлүп, анда айыл чарба, өнөр жай, транспорт жана соодага жана инвестицияга көмөк көрсөтүүнүн каржылык инструменттери жаатындагы практикалык мүнөздөгү милдеттер каралды. Тармактык тегерек столдордун алкагында ЕАЭБдин ишкердик бирикмелеринин жана бизнестин өкүлдөрү ошондой эле өздөрүнүн учурдагы жана перспективалуу долбоорлорун сунушташты. "Жашыл Евразия" эл аралык климаттык конкурсу Форумдун алкагында Стратегиялык демилгелер агенттиги Евразия экономикалык комиссиясы менен биргеликте "жашыл күн тартибинин" технологиялык лидерлерин аныктоого жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине экономиканы климаттык адаптациялоо боюнча натыйжалуу тажрыйбаларды жайылтууга багытталган "Жашыл Евразия" конкурсун экинчи жолу өткөрдү. Эксперттер тарабынан таанылган "Мыкты тажрыйбалар" нускалоого сунушталат. Бул жылы "Жашыл Евразия" дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн катышуучулары үчүн ачык болду. Конкурс климаттык туруктуулукту бекемдөө боюнча тажрыйба алмашуу үчүн масштабдуу аянтча болмокчу. Жалпысынан конкурска 15 номинация боюнча 300 билдирүү  келип түштү. Россия Федерациясынын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Ирандын, Египеттин, Индонезиянын жана Өзбекстандын климаттык мыкты 57 тажрыйбасы сынактын жеңүүчүлөрү жана финалисттери болушту.  Сыйлоо аземине Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары, соода жана интеграция министри Серик Жумангарин, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, ошондой эле ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев катышышты. Макулдашуулар 2024-2027-жылдарга Евразия экономикалык комиссиясы менен Регионалдык шериктештиктин байланыш жаатындагы өз ара иштешүүсү боюнча иш-чаралар планына (жол картасына) кол коюлду. Ага ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян жана Регионалдык шериктештиктин байланыш жаатындагы башкы директору Алексей Бородин кол коюшту.  Татарстан Республикасынын Өнөр жай кластери менен "Казакстан электрэнергетикалык ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин ортосунда Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Документке Татарстан Республикасынын Өнөр жай кластеринин башкармалыгынын төрагасы Сергей Майоров жана "Казакстан электроэнергетикалык ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы Талгат Темирханов кол коюшту.  III Евразиялык экономикалык форумдун маалыматтык өнөктөштөрү: ТАСС маалымат агенттиги, Белтелерадиокомпания, Армениянын Коомдук радиосу, "Арменпресс" маалымат агенттиги, Иран Ислам Республикасынын маалымат агенттиги (ИРНА).
06 Jun 2024 ЕЭК жана Регионалдык байланыш жаатындагы шериктештик Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга кол коюшту Евразия экономикалык комиссиясы менен Регионалдык байланыш жаатындагы шериктештиктин ортосунда Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян жана Регионалдык байланыш жаатындагы шериктештиктин башкы директору Алексей Бородин кол коюшту. Салтанат 5-июнда Минскте "ТИБО-2024" XXX Эл аралык санариптик форумунун "Евразия санариптик бирлиги" тематикалык отурумунун талааларында өткөрүлдү. Меморандумда коопсуз санариптик инфраструктураны түзүү, ЕАЭБ жана КМШ алкагында чек ара аралык ишеним мейкиндигин түзүү жана өнүктүрүү, заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу жана аларды инновациялык өнүктүрүү жолу менен маалыматтык коомдоштукту түзүүгө көмөктөшүү каралган. Тараптар маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында маалымат жана алдыңкы тажрыйба менен алмашууну, консультацияларды, семинарларды, биргелешкен отурумдарды, конференцияларды, тегерек столдорду жана башка, анын ичинде ишенимди жана коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча иш-чараларды өткөрүүнү, биргелешкен аналитикалык материалдарды жана баяндамаларды даярдоону пландаштырышат. Документте өз ара аракеттенүү жана биргелешкен иш-чаралардын планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү каралган. ЕЭК министри Варос Симонян белгилеп өткөндөй, Меморандумга кол коюу Комиссиянын эл аралык өнөктөштөр менен байланыштарын бекемдөө боюнча кезектеги кадам болуп саналат, ал байланыш жана маалыматтык технологиялар жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. "Меморандумдун алкагындагы өз ара аракеттешүү санариптик технологиялар жаатында эл аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган биздин күч-аракеттерибизди консолидациялоого мүмкүндүк берет жана аларды Бирликтин мүчө мамлекеттеринде жана РБШ катышуучу өлкөлөрүндө жайылтууну тездетет", – деп белгиледи Варос Симонян. Өз кезегинде Алексей Бородин ийгиликтүү кызматташууга жана жемиштүү биргелешкен ишке болгон үмүтүн билдирди. "Меморандумдун негизинде биз санариптик өнүктүрүү жана глобалдык маалыматтык коомго интеграциялоо жаатындагы келечектүү багыттар боюнча тажрыйба алмаша алабыз", — деди ал. Регионалдык байланыш жаатындагы шериктештик (РБШ) Шериктештиктин мамлекеттеринин байланыш администрациялары тарабынан 1991-жылдын 17-декабрында Почта жана электр байланышы жаатындагы мамлекеттер аралык мамилелерди координациялоо жөнүндө макулдашуу менен түзүлгөн, 1992-жылдын 9-октябрында КМШнын өкмөт башчыларынын Кеңеши тарабынан бекитилген. РБШ ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары шериктештиктин өлкөлөрүнүн МКТ чөйрөсүндө көп тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыгын жөнгө салуу, КМШнын жалпы маалыматтык мейкиндигин түзүүдө макулдашылган иш-аракеттерди жүргүзүү, ченемдик-укуктук базаны жакындатуу, маалыматтык ресурстар менен алмашуу, маалыматтык коопсуздук маселесин комплекстүү чечүү, КМШнын катышуучу мамлекеттеринин глобалдык маалыматтык коомго ийгиликтүү интеграцияланышын камсыздоо болуп саналат.
03 May 2024 ЕЭКтин Ички рыноктордун иши боюнча департаментинин директору болуп Самат Кулмамбетов дайындалды Самат Кулмамбетов 1978-жылы Бишкекте туулган. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин бүтүргөн (адистиги – "Дүйнөлүк экономика"). Эмгек ишмердигин 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономикалык жана социалдык реформалар борборунун макроэкономика бөлүмүндө иштөө менен баштаган. 2004-жылдын июнунан 2006-жылдын февралына чейин Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин бажы-тарифтик саясат бөлүмүндө жетектөөчү, андан кийин башкы адис болуп иштеген. 2006-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы адиси, башчысы болуп эмгектенген. 2007-жылдын апрелинен 2018-жылдын январына чейин - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин бажы саясаты жана тарифтик эмес жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы, бажы-тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы болгон. 2018-жылдын январынан 2021-жылдын майына чейин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эл аралык кызматташтык жана интеграция бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын жетекчиси - бөлүм башчысынын орун басары болуп иштеген. 2021-жылдын майынан 2023-жылдын мартына чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча чечимдерин даярдоо башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары. 2023-жылдын мартынан 2024-жылдын апрелине чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча сектор башчысы.  2024-жылдын 2-майында ЕЭКтин Ички рыноктордун иши департаментинин директору кызматына дайындалган. Сыйлыктары: КР Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин "Экономиканын отличниги" төш белгиси. "КР мамлекеттик кызматынын отличниги" төш белгиси. "Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн" медалы. КР Экономика жана коммерция министрлигинин "Сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы төш белгиси. "Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн" медалы.
25 Apr 2024 ЕЭКте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Кубанын маалыматтык технологиялар жаатындагы кызматташтыгы талкууланды Маалыматтык технологиялар жана телекоммуникациялар жаатындагы өз ара иштешүү, биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруу жана кызматташтыктын перспективалары Евразия экономикалык комиссиясынын Маалыматтык технологиялар департаментинин директору Александр Алексанян менен Ариадна Пласенсия Кастро башында турган Кубанын маалыматташтыруу жана коммуникациялар боюнча бизнес-тобунун жолугушуусунда каралды.  Александр Алексанян Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык тутумун (ИМТ) түзүү боюнча комиссиянын масштабдуу иши, Бирликтин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маалыматтарды жана электрондук документтерди мамлекеттер аралык алмашууда чек ара аралык ишеним мейкиндигин өнүктүрүү, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрү бири-биринин электрондук санариптик колтамгаларын таануу жөнүндө айтып берди. ЕАЭБ мамлекеттеринин санариптештирүү чөйрөсүндө үчүнчү өлкөлөр менен кызматташуусунун ийгиликтүү мисалы катары тармактык департаменттин башчысы ЕАЭБдин Вьетнам менен өз ара аракеттенүүсүн атады. "ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосунда ИМТны пайдалануу менен маалымат алмашуу боюнча маалыматтык өз ара иштешүүнү ишке ашыруунун ийгиликтүү тажрыйбасын белгилебей коюуга болбойт, – деди Александр Алексанян. – Бул тажрыйба Куба менен электрондук маалымат алмашууда колдонулушу мүмкүн, мындай кызматташтыктын – потенциалы чоң". Кубалык тарап өлкөнүн экономикасын санариптик трансформациялоо, телекоммуникациялык инфраструктураны, маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана тармактык туташуулардын сапатын жогорулатуу боюнча иштер тууралуу маалымат берди. Бизнес-топтун өкүлдөрү ЕАЭБ мамлекеттеринде өздөрүнүн маалыматтык технологияларын илгерилетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Александр Алексанян кубалык кесиптештерин МКТ чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу жана санариптик иштеп чыгуулар жаатындагы алдыңкы тажрыйбалар үчүн Минскте өтө турган "ТИБО-2024" маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча эл аралык форумга катышууга чакырды. Тараптар жигердүү өз ара аракеттенүүнү улантууну, ЕЭКтин делегациясынын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес чөйрөлөрүнүн жыл сайын өткөрүлүүчү FIHAV Гавана эл аралык жарманкесинин алкагында улуттук илимий-технологиялык парктардын ишмердиги менен таанышуу үчүн Кубага сапарын иштеп чыгууну макулдашышты. Куба Республикасы ЕАЭБге караштуу байкоочу-мамлекет болуп саналат. ЕАЭБдин Куба менен кызматташуусунун негизине өз ара пайдалуу диалогду өнүктүрүү үчүн олуттуу база киргизилген, атап айтканда, Комиссия менен Кубанын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга, Биргелешкен иш-чаралардын планына кол коюлган. ЕАЭБден Кубага кайра иштетүүчү өндүрүштөрдүн продукцияларын экспорттоонун көлөмү 2023-жылы 3%га көбөйгөн, 2022-жылга салыштырмалуу ЕАЭБге Куба товарларынын импорту өткөн жылы эки эсеге өскөн.
Дагы көрсөтүү

Темасындагы чечимдер «Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар»

31
16.03.2021 Решение Коллегии ЕЭК № 31 О выполнении Российской Федерацией обязательств в рамках функционирования внутреннего рынка Евразийского экономического союза
24
01.03.2021 Решение Коллегии ЕЭК № 24 О выполнении Республикой Беларусь обязательств в рамках функционирования внутреннего рынка Евразийского экономического союза
10
02.02.2021 Решение Коллегии ЕЭК № 10 Об утверждении Методологии разделения препятствий на внутреннем рынке Евразийского экономического союза на барьеры, изъятия и ограничения и признания барьеров устраненными
157
24.11.2020 Решение Коллегии ЕЭК № 157 О выполнении Республикой Беларусь обязательств в рамках функционирования внутреннего рынка Евразийского экономического союза
125
13.10.2020 Решение Коллегии ЕЭК № 125 О выполнении Республикой Казахстан обязательств в рамках функционирования внутреннего рынка Евразийского экономического союза

Ченемдик документтер

Договор о Евразийском экономическом союзе Статья 23 Договора о Евразийском экономическом союзе от 29 мая 2014 г. Протокол об информационно-коммуникационных технологиях и информационном взаимодействии в рамках Евразийского экономического союза (Приложение № 3 к Договору о Евразийском экономическом союзе) Решение Коллегии ЕЭК от 14 апреля 2015 г. № 29 «О перечне общих процессов в рамках Евразийского экономического союза и внесении изменения в Решение Коллегии Евразийской экономической комиссии от 19 августа 2014 г. № 132» Распоряжение Совета ЕЭК от 17 марта 2016 г. № 6 «О создании рабочей группы по выработке предложений по формированию цифрового пространства Евразийского экономического союза» Декларация конференции «ЦИФРОВАЯ ПОВЕСТКА В ЕАЭС» Доклад «Барьеры, изъятия и ограничения Евразийского экономического союза»
18 2016 ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Министри Карине Минасянды Тасс МА берген интервьюсу: “ЕАЭБде инновациялардын тобокелдиги сыйланып турушу керек” 2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги иштеп баштады, ага бүгүнкү күнү беш мамлекет кирет: Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия. Эгер 20 жыл мурдагы евразия интеграциясынын кайра жандануу этабында биринчи кезекте кеп соода кызматташуусу туурасында жүрсө, барган сайын күн тартиби кеңейе берген. Биримдиктин алдындагы жаңы чакырыктар оргуган маалыматтык-технологиялык өнүгүүнү жаратты. Онлайн-сооданы ирээтке келтирүү, интернет тармагындагы мыйзамдардын үстүнөн биргелешип иштөө, электрондук өкмөттөрдүн өз ара аракет тутумдарын иштеп чыгуу, тобокелдик каржылоо базарын түзүү жана жалпы эле биргелешип инновацияны өнүктүрүү зарылдыгы пайда болду. Ошондуктан, ушул жылы ЕАЭБ тескөөчү органы Евразия экономикалык комиссиясында жаңы ишмердүүлүк багыты пайда болду. Анын негизги милдеттеринин бири - бирдиктүү санарип мейкиндигин куруу, сандык технологияларды өнүктүрүү. Бул тармакта жасалып жаткан иштер туурасында, ”Евразия жумалыгы” форумунун жыйынтыгы боюнча, жана интеграциялык кызматташуунун жаңы багытын түзүүнүн биринчи жылдыгынын босогосунда ТАССка берген интервьюсунда ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү Карине Минасян төмөнкүлөрдү айтып берди.​
0/0