Симонян Варос Арутюнович
1981-жылдын 5-мартында Ереван шаарында төрөлгөн, Армения Республикасы.
Армениянын Мамлекеттик инженердик университетин "экономика жана башкаруу" адистиги боюнча жана Брэдфорд университетин (Улуу Британия) аяктаган.
Эмгек жолун 1998-жылы ар кандай кызмат орундарын ээлөө менен коммерциялык чөйрөдө баштаган.
2002-жылдан 2008-жылга чейин Армениянын мамлекеттик инженердик университетинде сабак берген.
2002-жылдан 2005-жылга чейин – Армения Республикасынын Соода жана экономикалык өнүгүү министрлигинин Тоо-кен өнөр жай башкармалыгынын жаратылыш ресурстарын пайдалануунун экономикасы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
2005-жылдан 2007-жылга чейин – Армения Республикасынын Экономика министрлигинин Европа бирлиги жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюму менен кызматташуу башкармалыгынын Европа бирлиги менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы.
2007-жылдан 2008-жылга чейин – Армения Республикасынын Экономика министрлигинин Европа бирлиги жана Дүйнөлүк соода уюму менен кызматташуу башкармалыгынын башчысы.
2008-жылдан 2011-жылга чейин – Армения Республикасынын Экономика министрлигинин Европа бирлиги менен кызматташуу жана эл аралык экономикалык кызматташтык башкармалыгынын башчысы.
2011-2015-жылдары – Армения Республикасынын Европа бирлигиндеги соода өкүлү.
2015-2019-жылдары – Армения Республикасынын Европа бирлигиндеги соода атташеси.
2019-жылдын августунан 2021-жылдын ноябрына чейин Армения Республикасынын экономика министринин орун басары кызматын ээлеген, бир катар өкмөттөр аралык комиссиялардын теңтөрагасы болгон.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2021-жылдын 23-ноябрынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри болуп дайындалган.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2024-жылдын 1-февралынан тартып кайрадан Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри болуп дайындалган.