Лилия Щур-Труханович

Лилия Щур-Труханович

Өмүр баян

Лилия Васильевна Щур-Труханович 2001-жылы Москва ачык социалдык университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.

2012-жылы Россия мамлекеттик соода-экономикалык университетинде "юриспруденция" ("эл аралык укук жана Европа бирлигинин укугу") адистиги боюнча магистратураны, ал эми 2016-жылы Россиянын ТИМ ММЭМИнин "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча магистратурасын аяктаган.

Экономика илимдеринин кандидаты.

1995-2000-жылдары коммерциялык сектордун уюмдарында иштеген.

2001-2008-жылдары консалтинг, басма, илимий-изилдөө уюмдарында эксперт, башкы редактор, улук илимий кызматкер кызматтарында иштеген.

2008-2009-жылдары — Россиянын Өнөр жай жана соода министрлигинин Ички сооданы жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары.

2010-2012-жылдары — "Экономика жана укук чөйрөсүндө изилдөө борбору" АКУ директору.

2012-2016-жылдары — Евразия экономикалык комиссиясынын Укук департаментинин директорунун орун басары.

2016-2017-жылдары — Стратегиялык демилгелер агенттигинин Улуттук технологиялык демилге департаментинде долбоорлордун жетекчиси, Россиялык венчурдук компаниянын Укуктук экспертиза жана ченем жаратуу иштери департаментинин директору.

2017-2024-жылдары — Россиянын экономикалык өнүгүү министрлигинин Тышкы экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары, Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин Тышкы экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана жөнгө салуу департаментинин директору.

2024-жылдын 12-ноябрынан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Укук департаментинин директору болуп дайындалган.