Омурбекова Алтынай Сейтбековна

Өмүр баян

Алтынай Сейтбековна 1973-жылы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана юридикалык факультеттерин бүтүргөн.

2000–2008-жылдар аралыгында ишкердик ишмердик менен алектенген.

2009–2010-жылдары Бишкек шаарынын Аламүдүн районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын юристи болуп иштеген.

2010–2011-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Саламаттыкты сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

2011-жылы Бишкек шаарынын Ленин районун акими болуп турган.

2013-жылы – Бишкек шаарынын Свердлов районун администрация башчысынын милдеттерин аткаруучу.

2015-жылдан 2018-жылга чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, Бишкек ш.

2018-жылдан 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьер-министри кызматын ээлеп келген.

2021-жылдын 1-октябрында ЕЭКтин эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды.