Татарицкий Валентин Болеславович

Татарицкий Валентин Болеславович
Өмүр баян

1963-жылдын 21-апрелинде Минск облусунун Столбцовский районундагы Ждановичи айылында туулган.

1986-жылы Минск радиотехникалык институтун "жарым өткөргүчтөр жана диэлектриктер" адистиги боюнча аяктаган.

2009-жылы Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын "экономика жана өнөр жай ишканасындагы башкаруу" адистиги боюнча аяктаган.

1986-жылдан 1999-жылга чейин – "Горизонт" Минск өндүрүштүк бирикмесинин "Сенсор" заводунда жана анын базасында түзүлгөн "Сигнал" микроэлектроника илимий-өндүрүштүк комплексинде ар кандай кызматтык деңгээлдеги инженер болуп эмгектенген.

1999-жылдан "Руденск" ААКда жетекчи кызматтарды ээлеген, ал эми 2009-жылы анын директору болуп дайындалган.

2015-жылдан 2019-жылга чейин — Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары.

2019-жылдан 2024-жылга чейин – Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2024-жылдын 1-февралынан баштап Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри болуп дайындалган.