ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 3-июлда "Россия" эл аралык көргөзмө-форумунун (ЭЧЖК, Москва ш.) аянтчасында өтүп жаткан "Адымдап өнүгүүнүн стратегиясы" евразиялык интеграциялык форумунун пленардык отурумунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинде транспорттук коридорлордун жана логистиканын өнүгүшү жөнүндө айтып берди. Форумдун пленардык отуруму БРИКС+ экономикалык мейкиндигиндеги интеграциянын перспективалуу формасы катары "Бир алкак – бир жол" кытай демилгеси менен ЕАЭБдин айкалышуусуна арналган.
Министр өз сөзүндө Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ортосундагы транспорттук байланыштын жогорку көрсөткүчтөрүн белгиледи. Атап айтканда, автомобиль жолдорунун узундугу боюнча Бирлик дүйнөдө 4 — орунду (дүйнөлүк үлүштүн 4,9%), темир жолдордун узундугу боюнча — дүйнөдө 3-орунду (дүйнөлүк үлүштүн 10,5%) ээлейт.
Арзыбек Кожошев мүчө мамлекеттер менен биргеликте евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, "тар жерлерди" четтетүү, "кынтыксыз" логистиканы түзүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө айтып берди жана евразиялык бир модалдуу темир жол каттамдарын, евразиялык мультимодалдык каттамды, ошондой эле евразиялык автомобилдик коридорлорду жана каттамдарды камтыган евразиялык транспорттук коридорлордун картасын көрсөттү.
Мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары тарабынан жактырылган, азыркы учурда 11 долбоорду камтыган Артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык транспорттук долбоорлордун тизмесинин маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. Долбоорлордо автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо, темир жол инфраструктурасын куруу, электрлештирүү жана модернизациялоо каралган.
"2023-жылы Комиссиянын Коллегиясы тарабынан кабыл алынган евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн комплекстүү планы транспорт чөйрөсүндөгү иштин логикалык уландысы болуп калды. Учурда биз евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн максаттуу индикаторлорун, коридорлордун паспортторун даярдоонун, коридорлорго карата бирдиктүү талаптарды иштеп чыгуунун, "тар жерлерди" аныктоого жана жоюуга багытталган айрым участокторду өнүктүрүү боюнча иш-чараларды аныктоонун үстүндө иштеп жатабыз", — деп билдирди министр.
"Бир алкак – бир жол" кытай транспорттук демилгеси менен айкалышууну өнүктүрүү жөнүндө айтып жатып, ЕЭК министри "Евразиялык агроэкспресс" жана "Бириккен транспорттук-логистикалык компания – Евразиялык темир жол альянсы" (БТЛК ЕРА) сыяктуу биргелешкен долбоорлорду эскертип өттү.
"Долбоорлор жигердүү өнүгүүдө жана интеграциялык натыйжанын жана Кытай Эл Республикасы менен ташууларды өнүктүрүүнүн жакшы үлгүлөрү боло алат. Алсак, Кытай – Европа – Кытай каттамы боюнча "БТЛК ЕРА" компаниясынын транзиттик сервистеринде контейнердик ташуулардын көлөмү 2023- жылы 674 миң ЖФЭ (жыйырма фунттук эквивалент) түзгөн", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.
"Бүгүнкү күндө болгон кыйынчылыктарга карабастан, Бирликте транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногунун баалуулугу бир нече жолу жогорулагандыгын жана транспортту өнүктүрүү жана өлкөлөрүбүздүн экономикалык туруктуулугун жана экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылгандыгын баса белгилеп кетким келет", — деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.