Жаңылыктар

01.01.1970

Арзыбек Кожошев: "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган интеграциялык күн тартибин илгерилетүүдө энергетикага жана транспортко өзгөчө роль берилген"

Мындай пикирин Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 15-ноябрда "Чоң Евразия өнөктөштүгү. Жигердүү өнүгүү стратегиясы" тематикасына арналган "Интеграция-2023" Евразиялык ишкер форумунун пленардык отурумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Аудиторияга кайрылып, Арзыбек Кожошев ЕАЭБдин энергетика жана транспорт тармагындагы интеграциялык күн тартиби жөнүндө маалымат берди.

"Бирликтин энергетикалык ресурстарынын жалпы рынокторун түзүүнүн ролу жана баалуулугу олуттуу өсүүдө, аларды 2025-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизүү пландаштырылууда. Электр энергиясынын жалпы рыногун түзүү анын катышуучуларына евразиялык мейкиндикте трансчек аралык соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн ачат, ошол эле учурда электр энергиясынын наркы биржалык механизмдерди колдонуу менен түзүлүп, бул анын ачык-айкындуулугун камсыз кылат", – деп белгиледи евразиялык министр.

  Азыркы экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн глобалдык процесстери түздөн-түз же кыйыр түрдө энергоресурстар менен байланышкан, аларга ишенимдүү жетүү өлкөлөрдүн негизги артыкчылыгы, алардын экономикасынын жана калкынын бакубаттуулугунун кепилдиги болуп саналат.

Арзыбек Кожошев ЕАЭБ мамлекеттеринде ушул кезге чейин "жашыл экономикага" өтүү жана альтернативдик энергетиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программалар кабыл алынгандыгын белгиледи: "Энергетикалык перспективалар, албетте, төмөн көмүртектүү өнүгүүгө өтүү, декарбонизация, климаттык күн тартибине артыкчылык берүү, акырында энергия булактарын диверсификациялоо жана жаңы технологияларды өнүктүрүү боюнча заманбап тренддерди да эске алышы керек".

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорттук комплекстери жаңы логистикалык чынжырчаларды түзүү жана инфраструктураны тездетип өнүктүрүү зарылчылыгы шарттарында туруктуулуктун жана стабилдүүлүктүн жогорку деңгээлин көрсөтүүдө. Бирлик өлкөлөрүнүн улуттук инфраструктуралык долбоорлору Чыгыш-Батыш каттамы боюнча, ошондой эле деңиз портторунун потенциалын пайдалануу менен "Түндүк – Түштүк" коридорунун алкагында Жакынкы Чыгыш, Индия багытында айкалышкан транзиттик транспорттук коридорлордун функционалын колдоого багытталган.

Арзыбек Кожошев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасынын энергетикалык жана транспорттук тармактарын санариптештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи: "Энергетика чөйрөсүндөгү базалык процесстердин натыйжалуулугу санариптештирүүнүн эсебинен тынымсыз жогорулоодо, Бирликтин энергетикалык ресурстарынын жалпы рынокторунун иштөө шарттарында маалыматтык технологиялар кеңири колдонулат". Транспорттук ишмердикти санариптештирүүдө темир жол транспорту алдыда. Алсак, тармакта импорттук-экспорттук багыттарда санариптик кагазсыз темир жол менен ташуулардын комплекстүү технологиясы үчүн негиз түзүлүүдө.

 Чыгып сүйлөгөн сөзүнүн аягында ЕЭК министри кандай болбосун өзгөртүүлөрдү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсү жана замандын чакырыктарына биргелешип жооп кайтаруунун механизмдерин түзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр катары кабыл алуу зарыл экендигине көңүл бурду. Өнүгүүнүн жана гүлдөп өсүүнүн жалпы мейкиндигин калыптандыруу үчүн, ЕАЭБде өнүктүрүү стратегиялары атаандаштыкка эмес, жалпы жана улуттук атаандаштык артыкчылыктарын, энергетикалык жана транспорттук байланыштуулукту, ошондой эле колдо болгон инфраструктураны натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылган рационалдуу өз ара аракеттенүүгө багытталышы маанилүү.