Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 1-ноябрда Женевада Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ) башкы директору Эми Поуп менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар миграциялык чөйрөдө, атап айтканда, Евразия мейкиндигинде эмгек ресурстарынын агымын жөнгө салуу боюнча кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты.
Бакытжан Сагинтаев билдиргендей, Комиссия быйыл МЭУ глобалдык тармагынын этикалык жалдоо боюнча саясатты жана стратегияларды иштеп чыгуу боюнча ишине кошулду.
«Евразия региону жогорку миграциялык жагымдуулукка ээ. Биз миграция боюнча эл аралык уюм менен бир катар актуалдуу багыттар боюнча кызматашууга кызыкдарбыз", – деп белгиледи Коллегиянын Төрагасы.
Эмгектенген мигранттардын квалификациялардын салыштырмалуулугуна негизделген кесиптик көндүмдөрүн таануу жаатындагы эл аралык тажрыйба ЕЭК үчүн кызыгууну туудурат. Комиссия жыл сайын Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө талап кылынган кызмат орундарынын жана кесиптердин тизмегин түзөт. Тизмекке киргизилген кесиптерге квалификациялык талаптар кабыл алынат.
Эми Поп аталган Тизмекти изилдөөгө кызыкдар экенин билдирип, жумуштуулук жаатында келечектеги өз ара аракеттешүү үчүн пайда болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу, атап айтканда, атайын биргелешкен программа түзүү зарылдыгын баса белгиледи.
Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишке ашырылып жаткан МЭУнун аймактык жана глобалдык долбоорлорунун алкагында кызматташтык маанилүү багыт болуп саналат.
«Биз пилоттук долбоорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз, анын максаты Евразия экономикалык бирликтин аймагында эмгектенген мигранттарынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу болуп саналат», — деди Бакытжан Сагинтаев.
Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки эл аралык уюмдун кызматташтыгын тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана Евразия экономикалык комиссиясы менен миграция боюнча эл аралык уюмдун ортосунда 2013-жылдагы кызматташтык жөнүндө меморандумду актуалдаштырууну макулдашышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Бакытжан Сагинтаев менен Эми Поуп жумушчу байланыштарды улантууга жана практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө макул болушту.