Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 26-февралда Минскте Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу темалары, анын ичинде өнөр жай кооперациясын, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, энергетика боюнча жалпы рынокту түзүү, өз ара соодадагы тоскоолдуктарды четтетүү жана башка маселелер талкууланды.
Атап айтканда, Бакытжан Сагинтаев белгилегендей, Комиссия мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте ЕАЭБдин жалпы газ рыногун жана ЕАЭБдин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүү боюнча келишимдердин долбоорлорунун үстүндө иштеп жатат.
Транспорт тематикасына боюнча сөз кылууда, ЕЭК Коллегиясынын башчысы жаңы геоэкономикалык реалдуулуктардан улам транспорттук агымдардын багытынын өзгөрүшүн эске алуу менен Комиссия 2024-2026 – жылдарга Координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча жол картасын даярдап жатканын билдирди.
Тараптар транспорттук-логистикалык процесстерди санариптештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту, бул эл аралык автожүк ташууларды либералдаштыруу үчүн зарыл. Бакытжан Сагинтаевдин айтымында, санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасы долбоорунун алкагында өткөрүү пункттарынан өтүүнү тездетүүгө, жүк ташуулардын логистикалык процессин оптималдаштырууга, электрондук эл аралык транспорттук коштомо кагаздарды колдонууга мүмкүндүк берүүчү сервистер иштелип чыгат.
Маектин жүрүшүндө өз ара кызыкчылык жараткан бир катар маселелер боюнча, анын ичинде дүйнөлүк алдыңкы интеграциялык бирикмелер менен өз ара иштешүү, өз ара соодадагы тоскоолдуктарды толук жоюунун перспективалары, ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүк ташууларды ишке киргизүү боюнча мазмундуу пикир алмашуу болду.
Бакытжан Сагинтаев ошондой эле Минскте Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.