Жаңылыктар

02.02.2024

Бакытжан Сагинтаев: "Комиссиянын милдети – ЕАЭБдеги санариптик теңсиздикти четтетүү үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү"

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 2-февралда Алматыда Digital Almaty 2024 жыл сайын өтүүчү форумунун пленардык сессиясында Евразия экономикалык бирлигинде санариптик долбоорлорду ишке ашыруу, IT-инфраструктурасын түзүү, ошондой эле маалыматтык коопсуздук жөнүндө айтып берди.

ЕЭК Коллегиясынын башчысынын сөзү боюнча, санариптештирүү жана жаңы технологиялар өндүрүмдүүлүктү жакшыртуу, бизнес-процесстерди оптималдаштыруу үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошондой эле заманбап бизнес-моделдердин пайда болушуна жана жалпысынан алардын натыйжалуулугун жогорулатууга алып келет.

Азыркы учурда ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык тутумунун иштешин камсыз кылууда. Чек ара аралык ишеним мейкиндигинин алкагында G2G жана B2G форматында өз ара иштешүү жөнгө салынган. Ошондой эле чек ара аралык B2B-өз ара аракеттешүүнү камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

2030-жылга чейин жана 2045-жыл мезгилге чейин андан аркы экономикалык өнүгүүнүн "Евразия экономикалык жолу" декларациясында юридикалык жана жеке жактардын санариптик кызмат көрсөтүүлөргө онлайн-жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүүгө тиешелүү жоболор белгиленген.Орто мөөнөттүү келечекте ЕЭК "ЕАЭБ мамлекеттери аралык кызмат көрсөтүүлөр" флагмандык долбоору боюнча иштерди баштай алат.

"Бул багыт боюнча, Комиссиянын жана мүчө мамлекеттердин орто мөөнөттүү келечекте бул пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн потенциалы бар экенин белгилей алам, – деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы. – Биз ыкчам тартипте демилгени иштеп чыгуу боюнча ишти уюштурабыз".

Бакытжан Сагинтаев ошондой эле санариптештирүүнүн терс жагына – санариптик теңсиздиктин күчөшүнө көңүл бурду, бул өз кезегинде төрт "эркиндикти" – товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчүнүн тоскоолдуксуз кыймылын – ишке ашырууга таасирин тийгизиши мүмкүн.

"Комиссия, интеграциялык процесстерди жалпы жөнгө салууну камсыз кылган, туруктуу иштеген орган катары, пассивдүү ролду ээлебеши керек, андан сырткары санариптештирүүнү токтото турган чечимдерди кабыл алышы керек, – деп ишенет ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. – Ал эми Комиссиянын милдети – ченемдик жана инфраструктуралык камсыздоо аркылуу бизнести өнүктүрүү жана кайра түзүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана жарандардын жашоосун жакшыртуу үчүн чектелбеген мүмкүнчүлүктөрдү ачуу менен санариптик теңсиздикти теңдөө үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзүү".

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жакынкы отурумунда Комиссия бул көйгөйдү кантип чечүүгө боло тургандыгы боюнча өз көз карашын сунуштайт.

Маалымат

"Digital Almaty" – бул бүткүл дүйнө жүзү боюнча санариптештирүү жаатындагы глобалдык жана аймактык санарип күн тартибин, чакырыктарын, чечимдерин жана саясатын калыптандыруу жана талкуулоо үчүн негизги аянтчалардын бири.

2024-жылы форумга 50 миңден ашык адам, көргөзмөгө 300дөн ашык катышуучу катышары жана 200дөн ашык чакырылган спикерлер сөз сүйлөөсү күтүлөт.