Жаңылыктар

08.04.2025

Давид Геворгян ЕЭКтин Иш башкаруу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Давид Левонович Геворгян 1986-жылы 28-апрелде Ереванда туулган.

2007-жылы Эл аралык ишкердик академиясын аяктаган.

2007-2012-жылдары Армениянын "Ардеф" өнүктүрүү фондунда, анын ичинде акыркы үч жылда – анын жетекчиси болуп иштеген.

2012-2016-жылдары – Армения Республикасынын Улуттук коопсуздук кеңешинин Аппаратынын Улуттук коопсуздук стратегиясын ишке ашыруу департаментинин экономикалык жана социалдык коопсуздук стратегиясын ишке ашыруу боюнча биринчи бөлүмүнүн башкы адиси.

2016-2018-жылдары – Армения Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин жардамчысы.

2018-2022-жылдары Армения Республикасынын Вице-премьер-министринин протоколун жетектеген.­

2022-2025-жылдары Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министринин жардамчысы болгон.

2025-жылдын 1-апрелинен Евразия экономикалык комиссиясынын Иш башкаруу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.