Жаңылыктар

11.12.2023

ЕАЭБ менен Кытай стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы диалогду тереңдетүү маселелери "Азыркы Кытай жана Евразия жөнүндө евразиялык изилдөөлөр" 5-конференциясынын көңүл борборунда болду. Иш-чара 8-декабрда Ереванда «Кытай-Евразия» стратегиялык изилдөөлөр жана саясий кеңешинин демилгеси менен өттү.

ЕАЭБдин стратегиялык өнүгүүсү жана эл аралык ишмердүүлүгү жөнүндө баяндама менен Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян чыгып сүйлөдү.

"ЕАЭБ Кытай менен, анын ичинде БРИКС, ШКУ алкагында жана башка форматтарда, анын ичинде "Бир алкак, бир жол" кытай демилгеси менен айкалышууда активдүү кызматташууда. Мындай диалог регионалдык экономикалык өнүгүү стратегияларынын синергиясын камсыз кылат жана көп полярдуу дүйнө тартибин түзүүнүн драйвери болуп саналат", – деп белгиледи Гоар Барсегян.

Комиссиянын өкүлү белгилегендей, Кытай Бирликтин алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү гана эмес, евразиялык мейкиндиктеги негизги транспорттук-логистикалык түйүн болуп саналат. Мунун баары КЭР менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө стратегиялык мүнөз берет. 

Маалымат

Конференциянын алкагында талкууланган негизги темалар: "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесин практикалык ишке ашыруу, көп полярдуу дүйнөлүк тартипти түзүү, ИИТКИ, инновациялар, санариптештирүү, коопсуздук маселелери, глобалдык жеткирүү чынжырларын трансформациялоо, Россия менен Кытайдын, Индиянын жана Кытайдын мамилелери болду.

Иш-чаранын ачылыш аземине Кытай Эл Республикасынын Армения Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Юн Фан, Шанхай кызматташтык уюмунун Ынак коңшулук, достук жана кызматташтык боюнча комиссиясынын башкы катчысы Чжэн Вэй, Армениянын премьер-министринин жардамчысы жана Армениянын 2050-жылга чейин трансформациялоо стратегиясы боюнча топтун жетекчиси Акоп Абрамян жана Армениянын саясий жана стратегиялык изилдөөлөр боюнча Кытай-Евразия кеңешинин директору Мгер Саакян катышышты.