Жаңылыктар

31.07.2024

ЕАЭБ жана Куба керектөөчүлөрдүн коопсуздук маселелерин талкуулашты

31-июлда Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Наталья Жукованын төрагалыгы астында Евразия экономикалык бирлиги менен Куба Республикасынын ортосунда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча өз ара иштешүүгө арналган семинар өткөрүлдү.

ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн теманын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Наталья Жукова бул жаатта эл аралык диалогду өнүктүрүү евразиялык интеграциянын негиздерин бекемдеп, өз ара пайдалуу кызматташууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Семинарда керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо инструменттери талкууланды, Бирлик мамлекеттеринин жана Кубанын жарандары үчүн актуалдуу маселелер каралды.

Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрдү коргоо боюнча биргелешкен иштеринин жыйынтыктарын сунуштады. Куба делегациясы улуттук керектөө рыногун жөнгө салуу механизмдери жөнүндө маалымат берди.

Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду, бул ЕАЭБ өлкөлөрү менен Кубанын ортосундагы натыйжалуу соода-экономикалык кызматташтыктын кепилдиги болуп саналат.

Мындан аркы өз ара аракеттешүү пландары белгиленип, туризм, медицина, билим берүүдөгү керектөөчүлөрдү коргоо маселелерин кошо алганда, талкуулоо үчүн жаңы темалар аныкталды.

Наталья Жукованын айтымында, семинар керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана экономикалык байланыштарды түзүү жаатында диалогду өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Семинардын ишине Кубанын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде ар кандай министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле Куба Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин өкүлдөрү катышышты.

Семинар Евразия экономикалык комиссиясы менен Куба Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду өнүктүрүүдө кабыл алынган биргелешкен иш-чаралар планына ылайык уюштурулган