Жаңылыктар

27.11.2024

ЕЭК жана Малайзия диалогду өнүктүрүүгө ниеттенет

Евразия экономикалык комиссиясы менен Малайзия Өкмөтүнүн кызматташтыгынын перспективаларын ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеров жана Малайзиянын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин башкы катчысынын орун басары Мастура Ахмад Мустафа 27-ноябрда Куала-Лумпурда сүйлөшүүлөрдө талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕЭК министри өнөктөштөргө Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүнүн актуалдуу аспектилери жөнүндө, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр жана интеграциялык бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө маалымдады.

"Түштүк-Чыгыш Азиядагы өнөктөштөр менен диалог – ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктарынын бири. Мындай вектор Бирликтин стратегиялык пландоосунун негизги документтеринде бекитилген, – деп баса белгиледи Эльдар Алишеров. – Жыл сайын ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү үчүн соода-экономикалык мамилелерде региондун ролу өсүүдө".

Диалогду түзүүнүн биринчи кадам катары ЕЭК министри – Москвада ЕЭКтин, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Малайзиянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен биргелешкен семинар уюштурууну сунуштады. "Иш-чаранын алкагында Малайзиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү үчүн Бирликтин презентациясын өткөрүүгө жана өз ара кызыкчылык жараткан мындан аркы өз ара аракеттенүү чөйрөлөрүн чогуу аныктоого даярбыз", – деп белгиледи ЕЭКтин интеграция блогунун башчысы.

Эльдар Алишеров ошондой эле ЕАЭБ-АСЕАН аянтчасында, анын ичинде 2025-жылы АСЕАНДа Малайзиянын төрагалыгынын алкагында ЕЭК менен Малайзиянын диалогун тереңдетүүнүн жогорку потенциалын белгилеп өттү.