Негизги маселелерди жана андан аркы кызматташтыктын багыттарын Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султанов жана Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) Атаандаштык боюнча комитетинин төрагасы Фредерик Женни талкуулашты. Жолугушуу Парижде "Атаандаштык боюнча ачык күндүн" алкагында болуп өттү.
"Комиссия ЭКӨУнун иш-чараларына — ЭКӨУнун атаандаштык боюнча регионалдык борборунун Будапештте өткөн семинарына, "Атаандаштык боюнча ачык күнүнө", "Глобалдык форумуна" жигердүү катышат. Мисалы, Венгриянын атаандаштык боюнча борборунун семинарларына ЕЭКтин атаандаштык блогунун 50дөн ашык кызматкерлери катышышты жана алган билимдерин иш тажрыйбасында колдонушууда. Мындан тышкары, алар биздин тажрыйба менен чет өлкөлүк кесиптештери менен бөлүшүштү, бул дагы маанилүү", – деп белгиледи Бахыт Султанов ЭКӨУнун Атаандаштык боюнча комитетинин төрагасы менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө.
Ал ЭКӨУ Евразия экономикалык бирлигинде атаандаштык чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салуу жана саясат боюнча эксперттик серептин алкагында алынган сунуш-көрсөтмөлөрүн ЕЭК кантип жүзөгө ашырарын айтып берди. Серепте эл аралык уюмдун эксперттери ЕАЭБдин мыйзам базасын жана атаандаштык чөйрөсүндөгү укук колдонууну дыкат талдап чыгышкан.
"Регионалдык мыйзамдарды өзгөртүү — оңой эмес милдет. Евразиялык "бешилтиктин" бардык өлкөлөрүнүн жактыруусун алуу керек. Жана мындай иште ЭКӨУ сыяктуу абройлуу уюмдун тажрыйбасы биз үчүн олуттуу жардам болуп саналат", — деди ЕЭК министри.
Тараптар атаандаштык маселелери боюнча кызматташууну башка аянтчаларда да улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Атап айтканда, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ЭКӨУ тарабынан Комиссияга Эл аралык атаандаштык тармагынын (ICN) аянтчасында көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашылды.
Маалымат
"Атаандаштык боюнча ачык күн" – ЭКӨУнун 2019-жылдан бери профилдик дүйнөлүк эксперттик коомчулукту үзгүлтүксүз чогултуп келген иш-чарасы.