Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай блогунун өкүлдөрү 6-сентябрда Нур-Султанда болуп өткөн жыл сайын өткөрүлүүчү PRO Lom металл сыныктары боюнча конференциясынын алкагында билдиришти.
Форумдун катышуучулары жакынкы перспективадагы өзгөрүүлөргө, учурдагы экономикалык жагдайда металл сыныктарын даярдоочулар үчүн өсүү мүмкүнчүлүктөрүнө, кара жана түстүү металлды кайра иштетүү боюнча инновациялык техниканы жана технологияларды пйадаланууга, логистиканы өнүктүрүүгө тиешелүү тармактын бир катар негизги маселелерин талкуулашты.
"Азыркы шарттарда Комиссиянын аянтчасында ЕАЭБдин ички рыногунда металл сыныктарынын тоскоолдуктарсыз өткөрүлүшүн камсыз кылуу боюнча Бирликтин өлкөлөрүнүн күч-аракеттерин консолидациялоо, жаңы логистика чынжырларын түзүү, металл сыныктарын даярдоо тармагын өнүктүрүү боюнча кошумча чараларды кабыл алуу, металл сыныктарын ташуу чөйрөсүндөгү логистиканы өнүктүрүү үчүн ЕАЭБдин интеграциялык потенциалын пайдалануу абдан маанилүү", – деп айтылат ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камаляндын ЕЭКтин өнөр жай саясаты депаратментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян иш-чаранын катышуучуларына окуп берген саламдашуу сөзүндө.ЕЭКтин маалыматтары боюнча, ЕАЭБде кара металлдарды даярдоо потенциалы жылына 40-80 млн тоннаны түзөт. Болот өндүрүү үчүн металл сыныктары колдонулган электр болот эритүү кубаттуулуктарынын көлөмү 40-50 млн тоннаны түзөт.
"Сибирь жана Ыраакы Чыгыш металл сыныктарын даярдоочулардын бирикмеси" Металл сыныктарын кайра иштетүүчүлөр ассоциациясы ("Про Лом" МКА) Россия Федерациясынын Сибирь жана Ыраакы Чыгыш федералдык округдарында кара жана түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын иштетүү боюнча тармактын 100дөн ашуун катышуучуларын бириктирген коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
"PRO Lom" Металл сыныктары боюнча тармактык конференциясы – тармактын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн салттуу кесиптик аянтча, анын ичинде Бирликтин алкагында. Иш-чаранын бул жылдагы негизги максаты – өнүгүү, өз ара аракеттенүү механизмдерин жакшыртуу жана өз ара аракеттенүү деңгээлин ачыгыраак жана туруктуураак кылууга жөндөмдүү чечимдерди издөө жагында Казакстандын жана Россиянын тармактык компанияларын бириктирүү. Конференцияга Россиянын жана Казакстандын ар түрдүү региондорунан келген 650дөн ашуун адам, алардын арасында – ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү, эки өлкөнүн металл сыныктарын даярдоо боюнча алдыңкы ишканалары, ошондой эле металл сыныктарын кайра иштетүү үчүн жабдууларды жана техниканы өндүрүүдөгү дүйнөлүк лидерлер катышышты.