Жаңылыктар

28.03.2023 (Обновлено: 29.03.2023 16:33)

БУУ ЭСКАТО аянтчасында ЕЭК атайын сессия уюштурду

27-мартта Бангкокто БУУ ЭСКАТО эгидасы алдында Туруктуу өнүгүү боюнча Азия-Тынч океан мааракелик 10-форуму ачылды. Форумдун алкагында Евразия экономикалык комиссиясы БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө Евразия экономикалык бирлигинин, ошондой эле өнөктөш эл аралык уюмдардын ролуна арналган атайын сессия уюштурду.

Форумдун катышуучуларына саламдашуусун ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жөнөткөн. Министрдик сегменттин жүрүшүндө аны Коллегиянын башчысынын кеңешчиси Владимир Ковалев окуду.

"Евразия экономикалык комиссиясы Бирликтин мүчө мамлекеттери менен тыгыз координацияда Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына карай илгерилөөнү тездетүү жана көп полярдуу тынчтыкты орнотуу принцибин жактоо үчүн регионалдык жана субрегионалдык уюмдар менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө даяр", – деп белгиленди сөз сүйлөөнүн алкагында.

ЕЭКтин атайын сессиясындагы дискуссиянын негизги лейтмотиви регионалдык деңгээлдеги интеграциялык күч-аракеттердин жана ТӨМгө жетишүүнүн натыйжалуулугунун өз ара байланышы болду.

"ЕАЭБ жөнүндө келишим жана Бирликтин укугун түзгөн негизги документтер БУУ-2030 күн тартибинин экономикалык максаттарына шайкеш келет, ал эми ЕАЭБде интеграциялык милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу, анын ичинде 2025-жылга чейин ЕАЭБ стратегиясында бекитилген, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүдө прогрессти камсыз кылат", - деп баса белгиледи сессиянын модератору, ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян. 

Комиссиянын ТӨМ жаатындагы иштелмелери, ошондой эле БУУ – 2030 күн тартибин ЕАЭБде ишке ашыруу пландары менен Владимир Ковалёв жана ЕЭКтин Статистика департаментинин директорунун орун басары Наталья Игнатова бөлүшүштү.

ЕЭК сессиясында ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Сохаил Хан, ЭСКАТОнун Түндүк жана Борбордук Азия үчүн Субрегионалдык бөлүмүнүн башчысы Николай Помощников, АСЕАН Катчылыгынын профилдик департаментинин жетекчиси Мигель Муснджи жана СВМДА өкүлү Угур Туран чыгып сүйлөштү. 

2023-жылы Бирликтин органдарында төрагалык кылган Россия Федерациясынын атынан сессиянын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен ЭСКАТОдо Россиянын туруктуу өкүлүнүн орун басары Олег Шаманов кайрылды.

БУУ ЭСКАТО аянтчасында ошондой эле ЕЭК делегациясынын жана ШКУ Башкы катчысынын орун басары Сохаил Хандын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Тараптар 17-мартта ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы менен ШКУнун Башкы катчысынын Москвада болуп өткөн жолугушуусунун жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын практикалык ишке ашырылышын талкуулашты. Евразия регионунун экономикалык байланыштуулугуна жетишүүгө багытталган конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыгуу белгиленди.

Маалымат

БУУ ЭСКАТО эгидасы алдында Туруктуу өнүгүү боюнча Азия-Тынч океан 10-форумунун ишине көп сандаган улуттук делегациялар катышышты, алардын ичинде - Россия, Казакстан, Китай, Индия, Вьетнам, Пакистан, Австралия, Түркмөнстан, Монголия, Камбоджа, АКШ, Непал, Мальдивы, ошондой эле Европа бирлигинин, Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай коомдоштуктарынын Эл аралык федерациясынын делегациялары ж.б.

2015-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан "Дүйнөнүн өзгөрүшү. 2030-жылга чейин мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби" резолюциясы кабыл алынган. Туруктуу өнүгүүнүн күн тартиби 17 максатты жана 169 милдетти камтыйт, алар комплекстүү мүнөзгө ээ жана туруктуу өнүгүүнүн үч компонентинин – экономикалык өсүштүн, социалдык интеграциянын жана экологиялык туруктуулуктун тең салмактуулугун камсыз кылат.

2022-жылдын ноябрында ЕЭКтин Статистика департаменти "Евразия экономикалык бирлигинин аймагында туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарга жетишүү" жыйнагын жарыялаган. Жыйнакта Евразия экономикалык бирлигинде 2017-2021-жылдар үчүн ТӨМдүн регионалдык тизмесинин көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча статистикалык маалыматтар биринчи жолу көрсөтүлдү. Регионалдык тизмекке 130 индикатор, анын ичинде глобалдык деңгээлде мониторинг жүргүзүү үчүн сунушталган 63 индикатор, ошондой эле ЕАЭБде өнүгүүнүн артыкчылыктарын чагылдырган 67 индикатор кирген.