Жаңылыктар

08.04.2022

ЕЭК бизнеске кооперациялык байланыштарды түзүүгө жардам берет

7-апрелде ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасына караштуу Илимий-техникалык кеңештин отурумунун катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин алкагында ишке ашыруу үчүн келечектүү долбоорлорду карап чыгышты.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович баса белгилегендей, үстүбүздөгү жыл Комиссиянын ишмердигине олуттуу түзөтүүлөрдү киргизди. Күн сайын Бирлик мамлекеттеринин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу үчүн чараларды жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

"Комиссиянын, мүчө мамлекеттердин жана Илимий-техникалык кеңештин эксперттеринин кошумча күч-аракеттери талап кылынган көйгөйлүү маселелер айкын көрүнө баштады", - деп Михаил Мясникович, отурумдун катышуучуларын өз идеяларын жана сунуштарын киргизүүгө чакырды.
"Сколково" фондунун КМШ менен аймактык өнүгүү жана өз ара аракеттенүү боюнча вице-президентинин орун басары Александр Окуневдин айтымында, бүгүнкү күндө көптөгөн компаниялар ЕАЭБдин ичине көчүүдө жана бизнес азыр кооперацияга мурда болуп көрбөгөндөй даяр.

"Көчкөн бизнес өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн түшүнгүсү келет. Алардын көпчүлүгү консорциумдарды түзүүгө даяр, анын ичинде маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө. Ошондуктан, учурда ЕЭКтин жана бийлик органдарынын кооперациялык байланыштарды түзүү маселелериндеги позициясы жөнүндө маалымат абдан талап кылынууда, кайсыл жерде жана кандай иштеп чыгуулар бар экендигин түшүнүү үчүн картага түшүрүү маселесине кызыгуу чоң", - деп белгиледи Александр Окунев.
Бизнеске кооперациялык байланыштарды түзүүгө жардам берүү үчүн ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев 26-27-майда Кыргызстанда өтө турган Евразия экономикалык форумунун талааларында конференция өткөрүүнү сунуштады.

Мындай кооперациянын биринчи мисалы -"Кыргызстан эл аралык университети" академиялык консорциумунун базасында Евразиялык "Ала-Тоо" технопаркын түзүү долбоору. Аны Министрлер кабинетинин Төрагасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңешчиси-атайын өкүлү - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Асылбек Айдаралиев тааныштырды. Ал технопарк резидент-компанияларга долбоордук иштин бардык баскычтарында, идеядан баштап, тажрыйбалуу үлгү алууга жана продукцияны рынокко чыгарууга чейин колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.

Уюштуруучулар Россиянын, Армениянын, Казакстандын, Беларустун жана Кыргызстандын иштеп жаткан технопарктары болмокчу. Технопарк ЕАЭБ өлкөлөрүнүн агроөнөр жай, рекреациялык-спорттук, отун-энергетикалык чөйрөлөрдө жана спутниктик технологияларда окумуштуулардын жана ойлоп табуучулардын инновацияларды жана илимий-техникалык жетишкендиктерин илгерилетүү жана жайылтуу менен алектенет.

"Бүгүнкү күндө био-отун өндүрүү, медицина жана авиациялык коопсуздук чөйрөсүндө стартаптарды ишке ашыруу пландалууда", - деп билдирди Асылбек Айдаралиев.
Илимий-техникалык кеңеш технопаркты түзүү идеясын колдоду.

Илимий-техникалык кеңештин отурумунда ошондой эле санариптик саламаттыкты сактоо жаатындагы долбоор – жасалма интеллект менен шайкеш улуттук телемедициналык тутумдарды түзүү сунушталды. Долбоордун автору – "Улуттук телемедицина агенттиги" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин Директорлор кеңешинин төрагасы Михаил Натензондун сөзү боюнча, ЕАЭБ өлкөлөрүнө колдонуудагы саламаттык сактоо тутумдарын модернизациялоо гана эмес, жаңыларын түзүү талап кылынат. Жаңы система эки бөлүктөн турушу мүмкүн: медициналык мекемелердин стационарларындагы телемедициналык борборлор тармагынан жана айыл жериндеги, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактардагы мобилдик комплекстер тутумунан.

"Мындай комплекстин өткөрүү жөндөмдүүлүгү - жылына 20 миң адам. Аны дөңгөлөктүү бейтапкана деп айтууга болот. Мындан тышкары, анда көрсөтүлгөн бардык жабдуулар Россияда чыгарылат", - деп белгиледи Михаил Натензон.
Бул долбоорду Бирлик мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарына кароо үчүн жөнөтүү чечилди.

Ошондой эле отурумдун катышуучулары глобалдык финансы-соода архитектурасындагы өзгөрүүлөрдү жана 2023-жылы бекитүү пландаштырылган Бирликтин илимий-техникалык өнүгүүсүнүн стратегиялык программасын даярдоону талкуулашты. Мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен атайын жумушчу топ түзүү аркылуу биргелешкен ишти жигердештирүү зарылдыгы белгиленди.

Илимий-техникалык кеңештин кийинки отурумун июнь айында өткөрүү пландаштырылган.

Маалымат

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш, евразия экономикалык интеграциясынын жана Евразия экономикалык бирлигин андан ары өнүктүрүүнүн көптөгөн маселелерин илимий жана эксперттик көз караштан талкуулоо үчүн ачык дискуссиялык жана кеңешме аянча катары түзүлгөн. Кеңештин мүчөлөрү экономикалык интеграциянын моделдерин жана формаларын карашат, дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана глобалдык чакырыктарды талкуулашат, эл аралык интеграциялык бирикмелердин натыйжалуу жөнгө салуу тажрыйбаларын үйрөнүшөт, экономикалык интеграциянын келечектүү багыттары боюнча Бирлик өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышат. Кеңештин ишмердиги Комиссиянын илимий изилдөөлөргө жана долбоорлорго байланыштуу ишин өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.

Кеңешти ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жетектейт, анын орун басары ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев болуп саналат.

Кеңештин Президиуму ЕАЭБ өлкөлөрүнүн илим жана жогорку билим берүү жаатындагы мамлекеттик органдарынын башчыларынын орун басарларынан, улуттук илимдер академияларынын башчыларынан, Комиссиянын министрлеринен түзүлгөн.

Бирлик өлкөлөрүнүн илимий жана эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү, ошондой эле ЕЭКтин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кеңеште эксперттик топтун курамындагы профилине ылайык иштешет.

Кеңештин иши жөнүндө маалымат Комиссиянын сайтында жеткиликтүү.