Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 1-ноябрда адамдарды, багажды жана кол жүктөрүн кароо (текшерүү) тутумуна карата бирдиктүү типтүү талаптарды бекитти. Бул Бирликтин бүткүл тышкы чек арасында бажы контролун жүргүзүүдө Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин ык-амалдарын айкалыштырууга мүмкүндүк берет.
"ЕАЭБ алкагында бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү - биздин Стратегия-2025тин маанилүү багыттарынын бири, - деп белгиледи ЕЭКтин бажылык кызматташтык боюнча министри Максат Мамытканов. - Анда, атап айтканда, Бирликтин бажы чек арасы аркылуу товарлар өткөрүлүүчү жерлерде бажы инфраструктурасынын элементтерин, анын ичинде адамдарды, багажды жана кол жүктөрдү кароо (текшерүү) тутумун техникалык жактан жабдууга карата типтүү талаптарды өркүндөтүү жана унификациялоо жөнүндө пункт бар. Бул милдетти быйылкы жылдын аягына чейин чечиш керек болчу жана биз аны ийгиликтүү аткардык.
Бажы органдарынын милдети – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн коркунуч туудурган товарларды, ошондой эле тыюу салынган жана чектелген товарларды ташып келүүгө жана ташып чыгууга жол бербөө болуп саналат.
Бирликте өткөрүү пункттарында адамдарды, багажды жана кол жүктөрүн кароо (текшерүү) тутуму боюнча бардык мүчө мамлекеттер үчүн бирдиктүү талаптар болгон эмес. Бул маселеде ар бир өлкө өзүнүн мыйзамдарына ылайык иш алып барган, натыйжада аэропорттордо, деңиз жана дарыя портторунда, темир жол вокзалдарында, автомобиль терминалдарында, тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары контролдоо тутумдарына карата өлкөлөр белгилеген талаптардын айырмачылыктарына байланыштуу көйгөйлөргө улам туш болушкан. Комиссия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эксперттери бул айырмачылыктарды жоюшту.
Бирликтин бажы чек арасы аркылуу товарлар өткөн жерлерде жайгашкан бажы инфраструктурасынын элементтерин жайгаштырууга жана техникалык жабдууга карата типтүү талаптар товарларды бажы талаптарын бузуу менен мыйзамсыз өткөрүү тобокелдигин гана төмөндөтпөстөн, чек арада бажы операцияларын жүргүзүү убактысын кыскартууга да мүмкүндүк берет.