14-ноябрда Алматыда Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаевдин жана Казакстандын каржы рыногунун өкүлү Алина Алдамбергендин жолугушуусу болуп өттү.
Бакытжан Сагинтаев Комиссия тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн финансылык жөнгө салуучулары менен биргеликте жалпы каржы рыногун түзүү жаатында негиз болуучу эки макулдашуунун үстүндө жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдады: Бирлик өлкөлөрүнүн брокерлеринин жана дилерлеринин уюштурулган биржалык тооруктарга катышуусуна өз ара жол берүү жана Бирлик өлкөлөрүндө уюштурулган тооруктарда баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө чек аралык жол берүү жөнүндө.
Мындан тышкары, тараптар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук валюталарында эсептешүүлөрдү көбөйтүү маселесинде биржалык валюта рыногунун ролун жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Ушул жылдын август айында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары тарабынан ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара соодасында улуттук валюталарды колдонууну өнүктүрүү боюнча сунуштамалар жактырылган. Бул документ менен Бирлик мамлекеттеринин улуттук валюталарынын валюта жуптарынын биржалык соодасын тездетип өнүктүрүү милдети аныкталган.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Казакстан фондулук биржасы менен өз ара аракеттенүүнү улантуу макулдашылды.