Евразия экономикалык бирлигинде кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизмин киргизүү, экономиканын реалдуу секторуна евразиялык интеграциянын жаңы деңгээлине чыгууга мүмкүндүк берет. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян "Россия 2030 жана жаңы дүйнөлүк экономикалык тартип: бизнестин негизги факторлору жана ролу" эл аралык форумунда билдирди.
"Жаңы механизмди ишке ашыруу 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде ЕАЭБ алкагында экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияда чагылдырылган өнөр жайды өнүктүрүүнүн негизги милдеттерин чечүүгө өбөлгө түзөт, – деп билдирди Гоар Барсегян. – Кеп кооперациялык өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыктын жалпы мейкиндигин түзүү, ошондой эле ЕАЭБдин жалпы рыногун негизги товарлар менен камсыздоо жөнүндө болууда".
Министр кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоонун жаңы формасы Бирлик өлкөлөрүнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатарын баса белгилегенди жана ишкер чөйрөлөрдүн жана бизнес өкүлдөрүнүн бирикмесин жаңы улуттуктан жогорку инструментти практикалык ишке ашырууга жигердүү катышууга чакырды.
Ошондой эле Гоар Барсегян белгилеп өткөндөй, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин башчыларына кайрылуусунда Бирлик органдарында Армения Республикасынын төрагалыгынын негизги артыкчылыктарынын арасында азык-түлүк коопсуздугу жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бөлгөн.
"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен камсыз болуу деңгээли 93 пайызга жетти. Бул мүчө мамлекеттерге пайда болгон чакырыктарга жамааттык негизде натыйжалуу каршы турууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭК министри.
Жыйынтыгында Гоар Барсегян интеграция мүчө мамлекеттерге берген артыкчылыктарды натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Министрдин пикири боюнча, "бешилтик" өлкөлөрүнүн экономикаларынын өз ара толукталышы аларга карапайым жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн да, бүткүл евразия мейкиндигинде ишкердик чөйрөнү жакшыртуу үчүн да эң дымактуу максаттарды коюуга мүмкүндүк берет.
Маалымат
"Россия 2030 жана жаңы дүйнөлүк экономикалык тартип: бизнестин негизги факторлору жана ролу" эл аралык форуму Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин аянтчасында Россиялык бизнес жумалыгы – 2024 алкагында болуп өттү. Иш чарага Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, Россия Федерациясынын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетников, ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев, ошондой эле россиялык бизнестин жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышышты.