Жаңылыктар

02.06.2023

Гоар Барсегян: "Адамдык капиталды өнүктүрүү — ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туруктуу жана тең салмактуу экономикалык өсүшүнүн негизги фактору"

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян 1-июнда Ереванда өткөн "Евразия мейкиндигинде россия-армян мамилелерин өнүктүрүү" конференциясында билдирди.

Гоар Барсегян баса белгилеп өткөндөй, экономикалык жана геосаясий чакырыктар биргелешкен аракеттерде чоң күч-аракеттерди жана ийкемдүүлүктү, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде жана Стратегия-2025те коюлган милдеттерди сөзсүз аткарууну талап кылат.

"Каралган макулдашууларды толук көлөмдө аткаруу иштин факт жүзүндөгү абалын жана учурдагы тобокелдиктерди эске алуу менен Бирликти андан ары өнүктүрүү боюнча программалык документти иштеп чыгууга киришүүгө мүмкүндүк берет. Үстүбүздөгү жылы ЕАЭБ органдарында Россия Федерациясынын төрагалыгы бул милдетти жогорку деңгээлде чечүүгө өбөлгө берет деп ишенебиз", – деп белгиледи Гоар Барсегян.


Артыкчылыктарды бүгүнкү тандоо жана кабыл алынган чечимдер евразиялык экономикалык интеграциянын келечегин аныктайт.

"Бирлик өлкөлөрүнүн туруктуу жана тең салмактуу экономикалык өсүшүнүн өзгөрүлгүс артыкчылыгы, ошондой эле негизги фактору катары адамдык капиталды өнүктүрүүнү көрөбүз. Социалдык багыттарды интеграциялык күн тартибине тартуу экономикалык кызматташтыктын сапаттуу жаңы деңгээлине чыгууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз", – деп баса белгиледи Гоар Барсегян.


Комиссиянын өкүлү интеграциялык процесстердин кыймылдаткыч күчү катары эксперттик, илимий жана ишкер коомдоштуктардын өсүп жаткан ролуна жана аларды ЕАЭБди андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга активдүү кошуу зарылдыгына көңүл бурду.

"Евразиялык интеграцияны өнүктүрүү процесстерине жарандардын, коомдук бирикмелердин жана бизнес-коомчулуктардын катышуусун жогорулатуу – маанилүү биргелешкен милдеттердин бири, аны ишке ашыруу Бирликтин келечегинин заманбап, жагымдуу жана ыңгайлуу образын калыптандырууга мүмкүндүк берет", – деп жыйынтыктады Гоар Барсегян.

Иш-чара ЕАЭБдин Эл аралык-укуктук кызматташтык борборунун, "Интеграция жана өнүгүү" изилдөө-аналитикалык коомдук уюмунун жана Евразиялык эксперттик клубдун демилгеси боюнча болуп өттү.