Жаңылыктар

21.10.2022

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 20-21-октябрындагы отурумунун жыйынтыгы

20-21-октябрда Ереван шаарында (Армения Республикасы) өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Евразия экономикалык бирлигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары 23 маселени карашты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Бирликтин кошумча түзүлгөн бюджеттик каражаттарынын эсебинен өнөр жай кооперациясын жеңилдетилген каржылоонун булактары жана механизми боюнча макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгышты.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда белгилегендей, өнөр жай кооперациясы бул жөн гана чийки заттарды, комплекттөөчү буюмдарды, товарларды өз ара жеткирүү эмес, сөз биргелешкен интеграциялык долбоорлор жөнүндө болуп жатат.

«Мындай кырдаалда каржылоо булактары да пландаштырылууда, алар бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бизнес-коомчулуктар үчүн аныкталган насыялар боюнча пайыздык чендерди субсидиялоого жумшалат. Бул биздин интеграциянын жаңы барагы. Комиссия өкмөттөр менен бирдикте кызматташуу долбоорлорун колдоо үчүн белгилүү бир сумманы бөлүп бере алышы үчүн бул маселе Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынына чыгарылат. Кеп ЕАЭБде калыптанган антидемпингдик жана башка коргоо алымдарынан 10 пайыздык чегерүү жөнүндө болуп жатат. Жыл сайын бул сумма 190дон 230 миллион долларга чейин жетет жана бул чегерүүлөрдүн 10% негизги коюмдан ашпашы керек болгон өздүк наркын төмөндөтүү, пайыздык чендерди субсидиялоо аркылуу долбоорлорду колдоого багытталышы мүмкүн», - деди Михаил Мясникович. 

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер ишке ашырып жаткан импортту алмаштыруу боюнча биргелешкен долбоорлор боюнча баяндама каралды. 2021-2022-жылдары ЕАЭБде автомобиль өнөр жайы, станок куруу, электротехника жана башка бир катар тармактарда 25 долбоор ишке ашырылган.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Өнөр жай кызматташтыгынын Негизги багыттарын (ӨКНБ) ишке ашыруунун ар жылдык мониторингинин жана талдоосунун жыйынтыгы боюнча баяндаманы бекитти.

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши токтом кабыл алды, ага ылайык, ЕАЭБдин кызыкдар өлкөлөрүнүн компаниялары Египет Араб Республикасындагы Россиянын өнөр жай аймагына россиялык бизнес менен бирдей шарттарда, анын ичинде түзүлүп жаткан инфраструктурага жана башка иштөө шарттарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Евразия экономикалык комиссиясына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен биргеликте климаттык күн тартибинин алкагында жол картасын ишке ашырууну камсыз кылууну тапшырды.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары өкмөттөргө аккредиттөө боюнча органдардын Регионалдык аккредиттөө уюмуна (РАУ) катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана тараптардын ыйгарым укуктуу органдарына аны түзүүгө жана анын иштөөсүнө байланыштуу уюштуруучулук жана финансылык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүүнү тапшырышты.

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара соодада темир жол жана автомобиль транспорту менен жүк ташууда электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эксперимент жүргүзүүнү тапшырды.

Евразия өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны 2023-жылдын 2-3-февралында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтөт.

Жыйынга Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов, Россия Федерациясынын Премьер-министри Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышты. ЕАЭБге байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрүнөн – Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, Куба Республикасынын Премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видео кайрылуу форматында) катышты.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду

- «Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча кырдаал жөнүндө» буйрук.

- «Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын аймактарынын ортосунда темир жол жана (же) автомобиль транспорту менен ташылган жүктөрдү электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууда навигациялык пломбаларды колдонууну сыноо боюнча эксперимент жүргүзүү жөнүндө» буйрук.

- «Египет Араб Республикасындагы Суэц каналынын экономикалык аймагында Россиянын өнөр жай аймагынын иштеши жөнүндө» буйрук.

- “2027-жылга чейин Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүүнүн максаттуу программасын бекитүү жөнүндө
«Евразия өкмөттөр аралык кеңештин чечиминин долбоору жөнүндө» чечими.

- «Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы 2021-жылдагы өз ара сооданын абалы жөнүндө» буйрук.

- «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарын ишке ашыруудагы ар жылдык мониторингдин жана талдоонун жыйынтыктары жөнүндө» буйрук.

- «2021-жылга Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарын которуу жана бөлүштүрүү жөнүндө» буйрук.

- «Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» буйрук.